"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн Аба кодексин өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деген соболуна “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арынов жооп берди.
Ал “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруудан мурун жарандык авиацияны "кара тизмеден" чыгаруу керек деген пикирде.
“Өкмөт жана депутаттар тарабынан сунушталып жаткан “Ачык асман” - бул долбоор эмес. Муну “Абанын бешинчи боштондугу” деп коёт. “Ачык асманга” жетиш үчүн бир топ кадамдар бар. Салыштырып айтканда, азыр биз 1-кабатта болсок, “Ачык асман” 10-кабатта.
Сунушталып жаткан долбоорго бардык жергиликтүү авиакомпаниялар каршы эмес. Бирок мамлекет мындай долбоорлорду ишке ашырардан мурун жергиликтүү авиакомпаниялардын кызыкчылыгын да карашы керек. Анткени жергиликтүү авиакомпаниялар чет элдик компаниялар менен тең абалда эмес. Кыргыз өлкөсүнүн "Жарандык авиация агенттиги" "кара тизмеде". Эгер бул агенттик "кара тизмеден" чыкса гана кыргыз авиакомпаниялары "кара тизмеден" чыкты десек болот. Биз "кара тизмеден" чыксак учактарды да чет элдик авиакомпаниялар сатып алган баага сатып алат элек. Азыр биз учак алалы десек, учакты саткандар бизге эки эсе кымбат бааны айтышат.
Бул долбоорлорду сунуштап жаткандар салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып жатканын эске алып, адегенде биздин жергиликтүү компаниялардын кызыкчылыгын коргошсо болмок. Анткени алар мамлекетке салык төлөшөт. Азыр депутаттар “2-3 компания өз кызыкчылыгын ойлоп, 6 миллион элди ойлобой жатат” деп бизди душман көрүшүүдө. Алар айтып жаткан долбоор ишке ашса, ички жана сырткы учак каттамдары бир топ арзандап, тейлөө жакшырат деген - популизм. Чет элдик авиакомпаниялар биздин ички каттамда учмак беле? Биз эмес, депутаттар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өздөрү душман болушууда. Биздин компаниялар чет өлкөлүк компаниялар менен атаандаша албай жабылып баштайт. Эгер алар жабылса, ички каттамдардын абалы эмне болот? Анан да сырттан келген компаниялардын баасын да эч ким көзөмөлдөй албайт”, - деди Арынов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Таабалды Тиллаев, Тазабек Икрамов, Рыскелди Момбеков, Алмазбек Эргешов жана Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратовдун пикири бул шилтемеде.