Авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратов: "Депутаттардын “Ачык асман” долбоору боюнча сунуштаган мыйзамына өз сын-пикирибизди айтканбыз"

"Ачык асман” - бул чет элдик авикомпаниялар өз өлкөсүнөн Кыргыз мамлекетине учуп келип, транзит катары конуп, жүк таштап же жүктөп, жүргүнчү алып же таштап, май куюп, кайра үчүнчү өлкөгө учууга укук берген саясат. Аны Кыргыз өлкөсү 2003-жылдан бери ишке ашыра албай келет. Учурда депутаттар тобу "Ачык асманды" киргизүү үчүн Аба кодексин өзгөртүүнү кайрадан сунуштап, аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Эксперттердин айтымында, "Ачык асман" ишке ашса, ички жана сырткы аба каттамдарынын билеттери арзандап, тейлөө жакшырат. Бирок бул ата мекендик авиакомпанияларды банкротко учуратат. Мындан улам учурда Кыргыздын аба мейкиндиги депутаттар жана жергиликтүү авиакомпаниялар ортосунда талашка түштү.

SUPER.KG порталынын "Эмне үчүн "Ачык асман" долбоору ишке ашырылбай жатат?" деген соболуна Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Арзымат Матмуратов жооп берди.

Анын айтымында, “Ачык асман” саясаты боюнча 2 мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал бир мыйзамга бириктирилген.

“Ачык асман” боюнча биздин министрлик мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул боюнча өкмөттүн токтому чыгып, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тарабынан жактырылган. Андан кийин депутаттар тарабынан "Ачык асман" саясаты боюнча дагы бир мыйзам долбоору иштелип чыккан. Алардын мыйзам долбоору бизге келип, биз ага сын-пикир жана сунуштардын негизинде өз корутундубузду бергенбиз. Чет өлкөлүк авиакомпаниянын учагы Кыргыз өлкөсүнүн аймагына учуп келиши же биз аркылуу башка жакка учуп барышы үчүн Жарандык авиация агенттигинен уруксат алат.

Депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунда “уруксат алуу” дегенди “маалымдоо” дегенге алмаштыруу боюнча сунуш айтылган. Бул сунушка өзүбүздүн корутундубузда макул болгон эмеспиз. Учурда өкмөт жана депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору бириктирилип, Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жатат. Негизги максат - Кыргыз өлкөсүнүн аймагына көп учууларды тартуу жана биздин жарандардын дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө уча алуусу. Бирок жергиликтүү авиакомпаниялар жүйөлүү сындарды, сунуштарды айтып жатышат. Эгер бул мыйзам ишке ашса, анда чет элдик авиакомпанияларга бизде жок учуу каттамдарын ачып берүүнү сунушташууда. Алардын айтканы да туура, анткени чет элдик компаниялар жергиликтүү компаниялардын базарын ээлеп алуу тобокелдиги бар”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Тазабек Икрамов, Таабалды Тиллаев, Алмазбек Эргешов жана “Эйр Манас” авиакомпаниясынын директорунун орун басары Данияр Арыновдун пикири бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан