Японияда ханбийке Аяко менен Кэй Мория баш кошту. Үйлөнүү салтанаты 29-октябрда Токиодогу Мэйдзи ибадатканасында болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ханбийке Аяко император Акихитонун бир тууганы ханзаада Такамадонун үчүнчү кызы. Анын жолдошу Кэй Мория ак сөөктөрдөн эмес. Экөөнүн үй-бүлөсү расмий түрдө катталгандан кийин ханбийке титулунан ажырайт.
Колукту чач жасалгасын Хэйан стилинде жасатып, улуттук көйнөк кийген. Ал эми күйөөсү алды кыска, арты узунунан тигилген күрмө кийди.
Ханбийке 28 жашта. Ал эми Кэй Мория 32 жашта. Ал "Nippon Yusen" транспорттук компаниянын кызматкери экени маалым болду. Ханбийке маалымат жыйында: "Биздин турмуш куруп жатканыбыз жана бизди ушунча көп адам куттуктап келгенине абдан сүйүнүп жатам", - деп билдирди.