Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жашар кыздын окуясы. Атасы кызга ыплас аракеттерди жасаган же жасабаганы аныктала элек

Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жаштагы кызга комплекстик соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алгачкы экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын кыздык белгиси бар экени белгилүү болгон. Ал эми калган экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.

"8 жаштагы кызга дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертиза толук чыга элек. Учурда кыз менен психологдор жана дарыгерлер иш алып барып жатат. Алардын негизги максаты - кызга карата атасы тарабынан ыплас аракеттер жасалганын же жасалбаганын аныктоо. Психологдор жообун бере элек, ошол себептен алдын ала тыянак чыгаруу азырынча эрте", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген. Буга чейинки дайындалган экспертизалардын биринен 8 жашар кыздын кыздык белгиси бузулбаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Missing-u
2018-10-29 22:41:36
Тооба жалган эле болсо экен. Жакан кармамак турсун жеп алсан деле болгудай окуялар болуп жатат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан