Ангела Меркель өзүнүн мөөнөтү аяктаган соң 5-мөөнөткө канцлер болуу үчүн шайлоого катышпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Меркель өзү жетектеген "Христиан-демократиялык биримдик” (ХДБ) партиясынын башчылыгынан да кете турганын Берлиндеги партиянын жыйынында билдирген.
Жыйында ал 28-октябрда өткөн Гессен аймагындагы шайлоодо ХДБ мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу начар натыйжага жеткенин айтып, “Партия элди ынандыра алган жок” деген. Ошондой эле Меркель 2021-жылкы шайлоого катышпай турганын айткан.
Ангела Меркель ХДБны 2000-жылдан бери башкарып келет. Ал Германияда 2005-жылкы жалпы шайлоодон кийин өлкө тарыхында биринчи аял канцлер болуп шайланып, 13 жылдан бери бул кызматты аркалап келет. Анын мөөнөтү 2021-жылы аяктайт.