Бишкекте түнкү клубда каза болгон 18 жаштагы студенттин өлүмүнө шектелип кармалгандар 2 айга камакка алынды

Бишкектеги түнкү клубдардын бириндеги мушташтан каза болгон студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 17 жана 18 жаштагы студенттер 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон. Анда клубдун ичинде балдар арасында мушташ чыгып, 18 жаштагы студент каза болгон. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 17 жаштагы М.у.А. жана 18 жаштагы О.Р. кармалган.

"Кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Октябрь райондук соту тарабынан 29-октябрда каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Соттун чечимине ылайык, 18 жаштагы кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайына, ал эми 17 жаштагы кылмышка шектүү Чүй облусундагы Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин камагына алынды. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары улантылууда", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, окуя 28-октябрга караган түнү болгон. Анда пикир келишпестиктен 3 студенттин ортосунда уруш чыгып, кийин мушташ чыккан. Натыйжада 18 жаштагы Б.А. башынан алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болуп калган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен иш козголуп, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bazar
2018-10-30 08:42:34
"Ден соолука атайлап оор залал келтирүү " беренеси боюнча кылмыш иши козголуптур. Демек ата-энеси акча берсе актап жиберүүгө мүмкүндүк. Негизи адам өлүп жатат. Эмнеге "адам өлтүрү" беренеси менен кылмыш ишин козгошпойт?
+1
taalay25
2018-10-30 08:56:29
Мен дагы тушунгон жокмун! Киши олуп жатса 104 менен иш козгоптур тезинен 97 статьяга алмаштырып иш козгошун талап кылуу керек
0
Fanatic
2018-10-31 00:47:45
Охоо ушул силер экоон сот болуп иштегилечи анан оо Садыр Жапаровду актап чыгаргылачы экоон эптеп бир нерсе кылып Садыр Жапаров ак жеринен олтуратго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан