Кыргыз дзюдочу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмираттарында өткөн беделдүү мелдештин коло медалын тагынды

Кыргыз спортчусу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмираттарында өткөн дзюдо боюнча эл аралык мелдеште коло медалды тагынды.

БАЭнин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча мелдештин 3-күнү килем үстүндө 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогорку салмак чендеринде дзюдочулар күч сынашты. 100 килограммдан жогорку салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Юрий Краковецкий катышып, коло медаль үчүн күрөштө израилдик Ор Сассон менен беттешмек. Бирок израилдик дзюдочу жарым финалда жаракат алып калып коло медаль үчүн беттешке чыккан жок. Муну менен Юрий Краковецкий беделдүү мелдештин коло медалын тагынды.

Юрий Краковецкий мелдештин жүрүшүндө грузиялык Левани Матиашвилини утуп чейрек финалда орусиялык Инал Тасоевге 0:1 эсебинде утулуп калган. Көңүл жубатуучу раундда Краковецкий польшалык Мацей Сарнацки менен кездешип, аны 1 мүнөт 19 секундда таза жеңиш менен утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан