Ошто төрөлгөн үч эмге Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысымдар берилди

Ушул жылдын 5-октябрында Ош шаарынын тургуну Гүлназ Батырова 3 эм төрөгөн. Батырова менен күйөөсү Эрнис Бакиров ымыркайларына Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысымдарды коюшканын Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри 29-октябрда жаңы төрөлгөн үч эмден кабар алып, бөбөктөргө ылайыктуу коляскаларды жана акчалай жардам көрсөттү. Мындан тышкары коммуналдык кызмат акыларына жардам көрсөтмөй болду.

Мындан ары да үч эмди медицина кызматкерлери такай көзөмөлгө алып турары сүйлөшүлдү. Учурда ымыркайлардын абалы жакшы.

Айта кетсек, Гүлназ Батырова 2 кыз, 1 уулду дүйнөгө алып келип, Ош шаарында 2018-жылдын эсебинен 3 эмдин биринчи төрөлүшү болуп катталган. Алардын үч эмден тышкары 2 баласы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Safiya91
2018-10-30 08:03:56
Омурлуу, ыймандуу уул кыздардан болуп чоноюшсун.
+3
amirrus
2018-10-30 08:49:00
завидую чисто белый жуксун бизге да Кудай берсин
+13
Nuri1988Elim2010
2018-10-30 08:53:06
Омурлорун,Бакты-тактыларын берсин кудайым.Ата энесине омур берсин.

Ылайым бизгеда насип кыла кор.
+4
bessmertiy
2018-10-30 08:58:38
Оо сонун го. Омурлуу, эстуу, ыыймандуу уул-кыздардан болсун!
+4
madina.87
2018-10-30 09:41:47
Аллах бизге да насип кылсын, өмүрүн берсин чүрпөлөрлүн
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан