Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өткөрүлүүдө.
Бүгүн, 30-октябрда 3 курама команда ат майданына чыгып күч сынашат. Кечээ Чүй облусунун курама командасынан жеңилип калган Бишкек шаарынын курамасы, Ош шаарынын курамасы менен кез келет. Ал эми ири эсепте Ош облусунун курамасына жеңилип калган Жалал-Абад облусунун командасы Нарын облусунун курамасы менен беттешет. Күндүн жыйынтыктоочу оюнунда Талас облусунун курамасына жеңилип калган Баткен курамасы Ысык-Көл облусунун командасы менен беттешке чыгат.
Оюндардын жүгүртмөсү:
30-октябрь.
Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Бишкек шаары-Ош шаары;
Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Жалал-Абад облусу-Нарын облусу;
Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Баткен облусу-Ысык-Көл облусу.