Спортчуну чимирилткен мелдеш. Бишкекте көркөм гимнастика боюнча сынак өттү

Бишкекте жылда өткөрүлчү көркөм гимнастика боюнча шаардык мелдеш болуп өттү. Иш-чара дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөнүн Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты - шаарда көркөм гимнастиканы жайылтуу, ага кызыккандардын санын арттыруу. Иш-чараны шаардык мэриянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика боюнча федерациясы биргеликте уюштурган. Сынактын катышуучулары спорттун аталган түрү боюнча спорт чеберлери, спорт чеберине кандидаттардын атайын түзгөн программасынын алкагында күч сынашкан. Мындан улам ага катышкандар өздөрүн жаңы программанын негизинде сынай алышты.

Мелдешке спорттук клубдар, өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби, спортту өнүктүрүү борборлорунун өкүлдөрү катышты. Соңунда өзүн мыкты көрсөткөн гимнасттарга сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары федерациянын айрым гимнасттарына "Спорт чебери" деген күбөлүк тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан