Грузия президенттик шайлоосунда экинчи тур болот. 25 талапкердин ичинен 2 талапкер экинчи турга калды

Грузия президенттик шайлоосунда экинчи тур болот. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шайлоого катышкан 25 талапкердин ичинен эч кимиси 50 пайыздан жогору добуш ала алган эмес. Бийликтеги "Грузин кыялы" колдогон талапкер Саломе Зурабишвили 38,6 пайыз добуш, оппозициялык “Күч бирдикте” биримдигинин талапкери Григол Вашадзе да 37,7 пайыз добушка ээ болуп, экинчи турга өтүшкөн. Грузия мыйзамдары боюнча шайлоонун экинчи туру шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан эки аптадан кийин өтөт.

Бул президенттик шайлоочулардын жарымынан азы добуш берүүгө катышкан, тагыраагы жалпы шайлоочулардын 46,74 пайызы добуш берген.

Алдыда шайлана турган президент эл тарабынан шайланган акыркы президент. Себеби мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык кийинки шайлоодо президентти жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кирген 300 делегат шайлайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан