ЖЫЛНААМА, 30-ОКТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев 50 жашка толду

1968-жылы 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Ак-Жар айылында төрөлгөн.

1986-жылы Кыргыз айыл чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы зооинженер адистигин алып чыккан.
Эмгек жолун 1985-жылы Өзгөн районундагы "Тамеки" чарбасында каттоочу техник болуп иштөө менен баштаган.
1986-1996-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда студент, аспирант, ассистент;
1996-1998-жылдары Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар ассоциациясынын башкы адиси;
1998-жылы Жергиликтүү коомчулуктардын Конгрессинин аппаратынын жетекчиси;
1998-1999-жылдары президенттик администрацияда Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана агрардык саясат боюнча бөлүм башчынын орун басары;
1999-2000-жылдары президенттик администрацияда мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн агрардык саясат сектор жаатында эксперти;
2000-2006-жылдары президенттик администрацияда мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
2006-жылы президенттик администрацияда мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин мүчөсү;
2007-жылы президенттик администрацияда мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы;
2007-2009-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы;
2009-2010-жылдары вице-премьер-министр – өкмөттүн аппарат жетекчиси;
2011-жылы премьер-министрдин кеңешчиси;
2011-жылы президенттик аппаратынын кадр иштери, мамлекеттик жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2011-жылы биринчи вице-премьер-министр;
2012-жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин премьер-министрдин милдетин аткаруучу;
2012-жылы Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
2015-2016-жылдары биринчи вице-премьер-министр;
2016-жылы президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
2017-жылы 30-январда КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.
30-октябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан