Астротөлгө: 30-октябрда төрөлгөн адамдар активдүү болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

30-октябрда төрөлгөн адамдар пикир алышууну жактырган, ачык-айрым болушат. Алар жашоодо активдүү болууну жактырышып, бардык оюн, идеяларын ачык билдиришет. Булар айланасындагы жакын адамдардын да оюна кызыгып, баарын байкап турушат.

Жеке мамиледе сүйүктүүсүнө берилүү менен мамиле кылып, абдан талапчыл болгондуктан өнөктөшүнөн күчтүү сүйүүнү, мээримди күтөт. Ошону менен бирге өзү да жоомарттык менен сүйүү тартуулайт.

Бул күнү жарык дүйнөгө келген адамдардын ой-чабыты күчтүү. Башкалардын абалын кабагынан туйган, дайыма жардам берүүгө ашыккан жандар. Жаратылыш аларга коргоочу, багыт берүүчү касиеттерди ыйгарган. Жакыным деп эсептеген адамдарын эч качан сатпайт, көчөдө калтырбайт. Алар ийкемдүү болуп бардык ишти жайгарып кетүүгө, бейтааныш адамдардын тилин оңой табууга эптүү болушат. Сөз байлыгы кенен, табиятынан мыкты оратор болгондуктан кандай кесипти аркаласа да бат эле аралашып кетишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан