"Lion air" компаниясынын туруктуу кардарларынын бири, Индонезиянын Каржы министрлигинин кызматкери Сони Сетьяван кырсыкка кабылган учакка эмне себептен түшпөй калгандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкканын чет элдик маалымат булактары жазууда.
Белгилүү болгондой, Сетьяван ошол күнү башка кесиптештери менен биргеликте кыйраган учактын ичинде болушу керек болчу, бирок жолдогу унаа тыгынынан улам ал каттамга 10 мүнөт кечигип калган.
"Негизи уча турган болсом, Жакартага дайыма түнкү саат 3:00дөрдө келчүмүн. Бул ирет мен аэропортко саат 6:20да келип, каттамга кечигип калдым. Мен кырсык болгонун Панкалпинанга башка каттам менен учуп келгенде гана билдим. Жакындарымдын баары жаңылыкты угуп алып ыйлап, мени да каза болду деп ойлоп жатышкан экен. Аларга менин абалым жакшы экенин жана башка учак менен келгенимди айттым. Мен тагдырыма ыраазымын", - деп билдирген Сетьяван.
Айта кетсек, Жакарта-Панкалпинанг каттамы боюнча сапарга чыккан учак кырсыкка кабылып, анын ичиндеги бир дагы жүргүнчү аман калган эмес.