Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум 12-ноябрга жылды

Бүгүн, 30-октябрда Свердлов райондук сотунда боло турган Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум 12-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Турдали кызынын жакындарынын жактоочу Есения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, ишти карап жаткан сот семинарга катышып жаткандыгына байланыштуу отурум жылып, кийинки соттук отурум 12-ноябрда саат 15:00гө белгиленди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы Бишкек шаарындагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek.94
2018-10-30 10:34:22
Создуктуруп жүрүп Ишти жабып койбосоңор эле болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан