УКМК: "Икрамжан Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда"

Тектеш кабарлар: Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголду (37 материал)

КСДП партиясы тарабынан таратылган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата кат алышуу жана билдирүүлөрүнө байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

"Азыркы учурда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө иштери ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүлүүдө. Көрсөтүлгөн акча каражаттарынын келип чыгышы жана сарпталышы боюнча бардык жагдайлар такталып жатат", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматта кошумчалангандай, тергөөдө Икрамжан Илмияновдун акча каражатын алгандыгы боюнча жетишерлик далилдер бар. Учурда И.Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.

Эскерте кетсек, 29-октябрда "Кыргызстан социал-демократтар партиясы" Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Икрамжан Илмиянов боюнча жиберилген суроосуна расмий жооп тараткан. КСДП өз жообунда 2017-жылдын 15-июлунда президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалганын, бардык маселелерди ал жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

Буга чейин УКМК Илмияновго "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Орусиядан кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан