Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу: Бишкек-Ош командаларынын беттеши чыр-чатак менен коштолду

Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө.

Чемпиондуктун экинчи күнүндөгү алгачкы оюнда Чүй облусунун курама командасынан жеңилип калган Бишкек шаарынын курамасы Ош шаарынын курамасы менен кез келди.

Бүйүр кызытып, көптөгөн талаш маселелер жаралган мыкты мелдештин жыйынтыгында Бишкек шаарынын курама командасы атаандашынын тай казанына 6 улак таштаса, Ош шаарынын курамасы 4 улак менен жооп кайтарды. Жыйынтыгында Бишкек курама командасы жеңишке жетти.

Айта кетчү нерсе, оюндун акыркы бөлүгүндө эки команданын оюнчуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, калыстардын кийлигишүүсү менен гана жөнгө салынды.

Оюндардын жүгүртмөсү:

30-октябрь.

Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Бишкек шаары-Ош шаары - 6:4;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Жалал-Абад облусу-Нарын облусу;

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Баткен облусу-Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2018-10-30 13:21:23
Кыргыз качан жон оюн корсотчу эле
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан