Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке канча акча түшкөнүн айта алган эмес. Ал депутат Жыргалбек Турускулов суроо бергенде жооп берген эмес.
Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин министр берилген суроого жооп берүүнү суранды. "23-октябрга карата атайын эсепке 478 миллион 626 миң 911 сом түшкөн. Анын ичинен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 190 миллион 795 миң сом, УКМК 159 миллион 64 миң сом, Башкы прокуратура 127 миллион 336 миң сом, ИИМ 1 миллион 230 миң сом которду", - деди министр.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.