Райымбек Матраимовду кызматка кайтаруу же кайтарбоо боюнча соттук отурум жылдырылды

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызматка кайтаруу боюнча райондук соттун чечимине каршы доо арызды кароо 19-ноябрь саат 09:00гө жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин белгилүү болгондой, соттук отурум бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаардык сотунда каралмак.

Өкмөт 17-августта Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берген. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан