Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
Депутат Кенжебек Бокоев өлкөнүн ички карызы 2010-жылы 8 миллиард сомдон ашык болсо, 2018-жылы 5 эсеге өскөнүн айтты.
Каржы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, учурда ички карыздын көлөмү 41 миллиард сом. "Мамлекеттин саясатында тышкы карызды көп көбөйтпөй, ички карызга көңүл бурулат", - деди министр.
Бокоев ички карыз деп эле 5 эсеге көтөрүп салган туура эмес экенин белгиледи.