2019-жылы Бишкектин көчөлөрүнө отургузула турган гүл былтыркыга салыштырмалуу 1 миллионго көбөйөт

Борбор калаабыздын "Бишкек жашылдандыруу" ишканасы 2019-жылы Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 2 миллион 200 миң түп гүл отургузууну пландоодо. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта дизайнерлер атайын гүл клумбаларынын эскиздерин иштеп чыгууда.

"Азыркы тапта иштелип жаткан гүл клумбаларынын көрүнүшү даяр болгондо коомчулукка тартуулайбыз. 2 миллион 200 миң түп гүл 3,7 гектар жерге отургузулат. Гүлдөрдүн арасында катарантус, колеус, тагетес, далия, петуния, лобулярия, астра, вербена, цинерария, целозия жана агератум түрлөрү бар. Муну менен кошо 8,3 гектар жерге газон эгилет", - дейт маалымат кызматы.

Айта кетсек, 2018-жылы Бишкек шаарынын көчөлөрүн жалпы 1 миллион 200 миң түп гүл кооздукка бөлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rubin
2018-10-31 11:50:11
Иши кылып 9минден алышпайт бекен, бир данаасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан