Кыргыз-Кытай чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-Кытай чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 8:22 чамасында болгон. Кытай Эл Республикасынын аймагындагы очогунда жер титирөөнүн күчү 6 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Нура, Эркеч-там айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала айтылган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан