Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жараны Бишкекке алып келинди. Анын башына экинчи ирет операция жасалышы мүмкүн

Москвада буга чейин ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жараны туугандары тарабынан Бишкекке алып келинди. Учурда дарыгерлер анын башына дагы бир операция жасалышы мүмкүн экенин айтууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда SUPER.KG'ге Талас Турубаевдин жеңеси Гүлнара Нурбекова билдирди.

"Эртең мененки саат 6:00гө жакын Москвадан Бишкекке учуп келдик. Кайнимди жолдошум экөөбүз коштоп келдик. Чынын айтсам, учактан аябай кыйналды, дем алуусу начарлады. Аба майданына келип түшөрүбүз менен "Тез жардам" кызматы менен Республикалык оорукананын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилди. Дарегерлер аны көрүп, дароо ооруканага жаткырышты. Учурда дарыгерлер башына дагы бир жолу операция жасоо керектигин айтууда. Эгер биз макул болсок, анда операцияга даярдык көрүү керек экендигин эскертишти. Буга чейин Москвада ооруканада жатканда анын башына операция жасалган экен. Андан кийин тиешелүү дарылоодон өткөнүн билебиз. Азыр дарыгерлер менен сүйлөшүп жатабыз", - дейт Нурбекова.

Турубаевдин жеңесинин айтымында, ал бул окуяга чейин катуу ур-токмокко кабылган. Ошондон улам башынан оор жаракат алган. Учурда анын кесепетинен моюнунан түтүк чыгарылып, ошол аркылуу дем алып калган.

"Москвадагы клиникада кайнимди караган дарыгерлер моюнундагы түтүк өмүр бою кала турганын билдиришти. Ал анын дем алуусуна жардам берет экен. Бирок анын кесепетинен сүйлөй албай калганы өкүнүчтүү. Учурда колу менен бир нерселерди түшүндүрүүгө аракеттенет", - деп кошумчалады Нурбекова.

Эске салсак, SUPER.KG порталына Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан. Макала чыккандан кийин анын Кыргыз жериндеги туугандары табылган болчу.

Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жараны мекенине алынып келинди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
States
2018-10-30 21:05:15
Эх кыргыз ушул абалга жетип калдыкпы. Боорум ооруду:(
+1
ALMAAAN
2018-10-31 04:17:50
Сакайып кетиниз ушундайларды окуп алып журогум эзилет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан