Биринчи вице-премьер: "Той-аштардын санын кыскартууну өзүбүздөн башташыбыз керек"

"Той-аштардын санын кыскартууну өзүбүздөн башташыбыз керек" деп бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Депутат Алтынбек Сулайманов той-аштардын санын кыскартуу керектигин айтты. "Өкмөт өкүлдөрү жер-жерлерге барып, лента кыркып жатат. Вице-премьер-министр Ноокенде, премьер-министр Лейлекте жүрөт", - деди Сулайманов.

Боронов: "Мурунку жылдары бекитилип калган программа менен иш алып барып жатабыз. Кийинки жылы бул маселени кыскартуу оюбузда бар. Ар бир райондун 80 же 70 жылдыгы деп өткөрүү туура эмес", - деди Боронов.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан