Камбар-Ата-2 ГЭСинде иш убактылуу токтотулду

Камбар-Ата-2 ГЭСинде иш убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсы маалымдап, ГЭСтеги абал өлкөдөгү электр энергиясын колдонууга эч кандай таасирин тийгизбей турганын билдирген.

Маалыматка ылайык, ГЭСте авариялык абал түзүлгөн эмес. Гидроагрегат баткакка толуп калгандыктан, учурда аны тазалоо иштери жүрүп жатат.

"Камбар-Ата-2 ГЭСине чейин Нарын дарыясынын жогорку нугунда гидротехникалык жабдыктар жок. Буга байланыштуу дарыядан агып келген баткак-балырлар ГЭСке топтолот. Бул күтүлбөгөн абал, бирок жөнгө салса болот. Оңдоо, тазалоо иштери ноябрь айынын аягына чейин жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jugorsk
2018-10-30 14:28:08
Ушунуда бир киши бутурду эле.Кийинки келген киши мактангандан башканы билбеди
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан