Кечээ, 29-октябрда борбор калаанын Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан.
Бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине таянсак, өрт электр тогунун жардамы менен ширетүү ишинде өрт коопсуздугу сакталбагандыгынан улам келип чыккан.
"Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы, 3 кондиционер жана 22 пластик терезе күйүп кеткен. Учурда эсептөө, тактоо иштери уланууда", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес, өрт башталган соң көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын баары сыртка чыгарылган.