Нарында 20 жаштагы эркек адам өзү менен чогуу спирт ичимдигин ичкен кишини эсинен тангыча сабап өлтүргөнгө шектелүүдө

Нарын шаарында 41 жаштагы кишини өлтүрдү деген шек менен 20 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 30-октябрда Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-октябрь күнү саат 13:45те милиция бөлүмүнө Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын "Тез жардам" кызматына белгисиз жарандын каза болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген ыкчам топ турак үйдүн ичинен азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин тапкан. Маркумдун ата-жөнү такталып, ал Нарын районундагы Кеңеш айылынын 41 жаштагы М.У. аттуу тургуну экени аныкталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү кылмышка шектүү катары кармалган 20 жаштагы Нарын шаарынын тургуну Д.уулу Д. 41 жаштагы М.У. менен спирт ичимдигин ичишкени белгилүү болгон.

"Мас абалда экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыгып, Д.уулу Д. маркумду эс учунан таңгыча сабап, андан соң качып кеткен. Азыркы тапта шектүү камакка алынып, бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан