Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Жалал-Абад командасы Нарын курамасын 10:1 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкөн" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.

Өлкө биринчилигинин 2-мелдеш күнүнүн алгачкы беттешинде Бишкек шаарынын курама командасы Ош шаарынын курама командасын 6:4 эсеби менен утуп алса, 2-беттеште Жалал-Абад курамасы Нарын курамасын ири эсепте утуп алды.

Беттештин 1-бөлүгүндө Жалал-Абад облусунун улакчылары 4 улак таштап, 2-бөлүктө дагы 3 улак таштады. 3-бөлүктө жалал-абаддыктар дагы 3 улак салса, беттештин акыркы мүнөтүндө Нарын облусунун курамасы Чыныбек Жайлообек уулунун таштаган улагы менен жооп кайтарды. Муну менен Жалал-Абад курамасы Нарын командасын 10:1 эсебинде утту.

Бул беттеште Жалал-Абад курама командасынан Кумарбек Бакытбек уулу 4 улак таштап, 2 улакты Жолдош Назаркулов таштады. 1 улактан Бекболсун Абдуразаков, Түгөл Шукуров, Муканбет Төрөгелди уулу жана Асылбек Камчыбек уулу таштады.

Оюндардын жүгүртмөсү:

30-октябрь

Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Бишкек шаары-Ош шаары - 6:4

Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Жалал-Абад облусу-Нарын облусу - 10:1

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Баткен облусу-Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_superstan
2018-10-30 16:36:18
jugorsk,
Этика нормаларын сактаңыз!
0
gordaya
2018-10-31 10:26:15
Нарындыктарга уят эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан