Кыргыз спортчусу ушу саньда боюнча Кытайда өткөн Дүйнө кубогунда коло медаль утуп алды

Кыргыз спортчу Талантбек Акматов ушу саньда боюнча Кытайда өткөн Дүйнө кубогунда коло медаль утуп алды.

Аталган мелдеш 24-29-октябрь аралыгында Ханчжоу шаарында өткөн. Ага 39 өлкөнүн спортчулары катышкан. Талантбек Акматов 80 килограммга чейинки салмак ченинде коло медалдын ээси болду.

Талантбек Акматов кикбокс боюнча өлкөнүн 2 жолку чемпиону, ушу саньда боюнча өлкөнүн 4 жолку чемпиону жана Орто Азиянын 2 жолку чемпиону болгон. 2017-жылы Акматов Орусиянын Казань шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан