Жогорку Сот Кубанычбек Кулматовду абакта калтырды

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Сотто Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралды. Жактоочу Сергей Слесарев Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок. Жыйынтыгында Кубанычбек Кулматовду 24-ноябрга чейин абакта калтыруу чечими өзгөрүүсүз калды.

Окуянын чоо-жайы:

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.

5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.

14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан