Таиландда 10 күн үңкүрдө калган окуучулар "Олд Траффорд" стадионуна саякатташты

Таиландда 10 күн үңкүрдө калган футболчулар "Олд Траффорд" стадионунда конокто болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын июнь айында Таиланддын түштүгүндө жайгашкан Чиангмай провинциясындагы үңкүргө 12 футболчу жана алардын 25 жаштагы машыктыруучусу киришип суунун айынан чыга албай калышкан. Аларды издөө иштери жүрүп, куткаруучулар 10 күндөн кийин гана табышкан.

Окуядан соң июль айында "Манчестер Юнайтеддин" оюнчулары жана директору Эд Вудворд жоголуп кайра табылган "Уайлд Боарс" футбол командасын "Олд Траффорд" стадионуна чакырып жаткандыгын жарыялашкан.

Белгилүү стадионго келген "Уайлд Боарс" командасы футболдук клубдун машыгууларына катышып, белгилүү оюнчулар менен сүрөткө түшкөн. Ошондой эле алар "Манчестер Юнайтед" - "Эвертон" беттешине катышкан.

Балдар келечекте дүйнөгө аты чыккан мыкты футболдук клубдардын биринде ойноону каалай турганын, ал үчүн талыкпастан машыгарын билдиришкен.

"Олд Траффорд" - Англияда жайгашкан эң ири футболдук стадиондордун бири. Ага 74 миң 994 көрүүчү батат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан