Башкы прокуратура бирдиктүү депозиттик эсепке 2 миллион сомдон ашуун каражат которду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бирдиктүү депозиттик эсепке 2 миллион 259 миң 084 сом которду. Маалыматты аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

"Бул сумма кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды кайтаруунун эсебинен чогулган. 2018-жыл боюнча которулган жалпы сумма 30-октябрга карата 134 миллион 872 миң 168 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbek56
2018-10-30 15:45:17
кайра эле оздору болушуп алат чумолор биздин бийлектигелер бут озунун ###### гана ойлогондо ушул акчалардын тыйынын да таппай каласынар. Миллион долларларды жеген миллион сом буларга копейкада
0
bekmirzach
2018-10-30 16:59:44
Ушул чогулган каражаттарды мектептерди салууга жумшаш керек. Коррупционерлерди экинчи мамлекеттин акчасына кол салбагыдай жазалап өзүнүн жана бир туугандарынын үйүн менен болгон мүлкүн мамлекеттин кармагына алыш керек.
0
Erik2018
2018-10-30 16:51:53
Жакшы каражат топтолуптур. Эми муну максаттуу пайдалануу керек. Атамбаев маалында мындай акча топтолгон эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан