Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды

Ырчы, Кыргыз Респбуликасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалды. Маалыматты ырчы SUPER.KG порталына тастыктады.

"Буйрук 24-октябрда чыккан. Бүгүн болсо министрликтин өкүлү келип жамаат менен расмий түрдө тааныштырды. Буюрса, көптөгөн жакшы идеяларды ишке ашыруу алдында турабыз. Алардын баарын сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүүгө бардык күч-аракетимди жумшайм", - дейт ырчы.

Буга чейин ырчы "Сулайман-Тоо" музейине директор болуп дайындалган. Бирок көптөгөн талкуулардан жана сын-пикирлерден кийин кызматтан баш тарткан.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрдук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен ырчы 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Ырчы айым 2011-жылы музыкант, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймактагы маданий борборунун жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, Алихан, Барсбек аттуу уулдуу жана Даткайым деген кыздуу болушкан.


кошулду
Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
Beise
2018-10-30 21:03:23
Самараны тааныбайм, бирок жаштарды колдойлу да, билими барда, Манас турк университетин буткон да.
Эмгекчил кыз го озу тыкылдаган
-14
Frunze2
2018-10-30 21:50:56
Beise, манас турктон бир Самара эмес, миндеп миндеп студенттер буткон. Анда ошончо мин студенттин баарын директор коелу?!!

Манас турк эмес, Туркия, Америкадан бутуп келгендер деле эл катары эле иштеп журушот го...

Ар ким оз денгээлине жараша ойлонот экен да, каап десе.....
+13
anonymous
2018-10-30 21:12:34
+ бассам 5тен кетип атат го
+2
Snejana
2018-10-30 21:23:10
Эмне эле болуп атасынар. Силердин колунардан бийликти алгансып жаман болупсунар го. Самара келбесе, силер тааныбаган бироо келмек. Эч ким эч нерсе демек эмес. Ошондо "эч ким тааныбайт" деп коррупция башталат. Самара кантсе да жаш, уят деп иштей турган эл козундогу адам. Жакшы тилек кылып, колдоп койгула. Журок оорутпайлычы.
-10
Frunze2
2018-10-30 21:53:44
Snejana, Самаран озу ХХХХХХХ менен келип жатса, анан жарытат бекен?!!

Мына Соке ыплас шайлоо менен бийликке жулунуп келди эле, ошондо эле тунулгомун, элге пайдасы эмес, залакасы тийет деп. Айтканым туура экенин коруп турасынар...

Эми Самаран акчанын, тааныш-билиштин кучу менен келип жатса, кайсы жакшылыкты кутосун?!! ХХХХХХХХХ
+12
Дарыгер
2018-10-30 21:41:16
ХХХХХХХХ Самара жараткан ийгиликке эч кимин жете элексинер, ЗЗЗЗЗЗЗ Эн коп катталуучулары бар. Самараны Эл жакшы корот. Чыгармачылыгын сыйлайт.
-14
Frunze2
2018-10-30 22:00:15
Дарыгер, Самара жеткен ийгилик бироонун турмушун бузуп атасындай болгон бироого токол болуп тийип алуу болсо, сойкукана иштетуу болсо, андай "завидный" жашоого сен эле суктанбасан, абийир, намысы бар инсандар кайра жийиркенет.....

Ар кимдин ырларын ырдап, акча берип наам сатып алууну ийгилик деп тушундунбу же?!!

Форумчулардан айланып кет Самаран экоон. Самаран менин кучугумдун тырмагына да арзыбайт, аны форумчуларга эмес, итке да тенебейм Асан учоону.....
+13
Nanei
2018-10-30 22:46:16
Эми айтылган соз атылган ок дейт. Канча жаман создор айтылды. Бирок чалы экоонун бети эмнеден жасалган Билбейм, такыр эле тоотпойт ко элдин оюн. Ушунча да уяты жок адамдар болот экен тобоооо
+14
simone
2018-10-30 23:04:03
Иштегенин королучу, ызы чуу болбой туралы
+7
aiman1983
2018-10-31 00:00:12
Эл тараза, Эл сынчы. Комментарийлердин кобу терс берилиптир, демек Самаранын да доору буто баштаптыр. Драмтеатрды, Кара алманы жеп бутушту,Сулайман тоого тиши отподу.Эми студенттердин акчасы эле калды Самаранын албаган. Заман каякка бара жатат ээ. Мен билгенден коптон бери иштеген, ошол музыкальныйга эмгеги синген Калия деген комузчу, музыкадан сабаты кучтуу эжекелер бар эле. каяктагы Самара сапляк башкарат бекен?!
+18
ailin_2017
2018-10-31 00:18:29
оозу кыйшык болсода байдын катыны суйлосун болуптурго бул жагы
+5
adiaza
2018-10-31 08:49:26
Кыргыздарда жакшы соз бар кол толкуса токтойт эл толкуса токтуш кыйын болуп калат кичине аркы беркини карап иш кылышса болмок жапжаш туруп директор кылбай чегинен ашып бараткандай андан коро ырдап эле журо берсе болмок эллин алдында сыйы менен эми минтип элге жаман корунбой
+3
nur0202
2018-10-31 11:04:09
Мына сага...Директорлукка татыбайт го бул.Бул бир гана токолдукка,анан ырчы болгонго гана татыктуу.Кечеле тан калгам кээ бир кыздарга.Акча учун не гана ишке барышпайт деп.Акча учун карыган тусу суук эркектер менен жатып тийип алганга конулдору кантип айныбайт.Бул Самаркан чалдын арты менен аябай эле жок жерден которулот го дагы.Директор имиш...тукурдум ушуну директор кылып койгон адамдардын бетине.
+4
Baku88
2018-10-31 14:04:15
Былтыйган уялбайт экенсиң да бир 30 эмес 1 ырыны өзүн эмгек кылып жаздынбы жок ар кимдин казанына чомуч салып бирөөнүн даяр эмгегине кол салып уурдап жүрүп дагы уялбай эмгек сиңирген наам алдын эми дагы уялбай кантип директор болуп жатасың сен татыктуу эмессин наамга дагы директор болуп алганын кантейин куйдургу сага караганда Анжелика эмгекчил сенден биринчи сахнанын тузун таткан адам өзү аракет кылып ыр жаздырып обон чыгартып
+5
al79mi
2018-10-31 16:08:26
Тобо кылдым! Эмне деген специалисттер директор эмес жонокой жумуш таппай журушот. Колунда барларга ай сайын директордун жумушу дайын турат. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун. Даже ошол эле колледжде директор боло турган коп жылдап иштеген, ошол жерди жакшы тушунгон педагог жок болуп калганына ишенбейм.
+3
Beise
2018-10-31 22:35:32
Самарага каршы жазгандар бир эле киши же башкасы тушунуктуу.Коралбастык кыргыздыкы калбайт го. Билими чыгармачылыгы баары туура келип атса керек
-3
Aidani
2018-11-01 05:36:08
Президент кылып эле шайлап койолу ушунча болду, бизди ырдап багат
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-11-03 09:17:48
Экинчи Ксения Собчак болдуго!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан