Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт"

Мамлекеттик мекемелерде бала төрөлүүдө эч кандай акча алынбайт. Бул тууруалуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат кетерин сурады.

“Бир баланы төрөтүү үчүн канча каражат алынат. Бала сатуу боюнча канча кызматкериңер кармалды? Ошондой эле кош бойлуу болгон канча мектеп окуучусу аныкталды?” - деп Сабиров министрликтин өкүлүнөн сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: “Мамлекеттик кепилдик программасы иштеп жаткандан бери бала төрөтүүдө эч кандай акча алынбайт. Аталган программага бөлүнгөн каражат толук болбой калгандыктан айрым нерселерге төлөп калуусу мүмкүн, көгөйлөр бар.

Бүгүнкү күндө 5 кызматкер бала сатуу боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аттарын айта албайм. Ал эми кош бойлуу болгон 3 окуучу аныкталган”, - деди.

Депутат төрөт үйүндөгү коррупция жоюлбай жатканын айтты. "Мен буларды эмне үчүн сурадым? Бүгүнкү күндө бир баланын төрөлүшү үчүн 15 миңден кем эмес акча төлөнөт экен. Төрөт үйүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоё албай жатасыңар. Жазылган мыйзамдар толук аткарылбай жатат, дагы мыйзамга өзгөртүүнү алып келип жатасыңар”, - деди депутат Максат Сабиров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
tabyshmak
2018-10-31 15:25:22
Бу Ак үйдү, министрликтерди ушул Кызыл-Кыяга көчүрүп келсек окшойт... Бир нерсе билесиңерби өзү ооо кресло ээлегендер! Элдин арасындагы өлүм-житимдердин болуусуна ошол атың өчкүр акчанын бар же жок экенин түшүнөсүнөрбү деги? Нервти эле кашайтасыңар да... Буррррррап, мыжжжжжжжыгып эле таштаса буларды. Галстукту тагынып алып эле кооз сүйлөгөндө не пайда? Калп эле кызматты ээлеп, айлыкты алып, мите-курт болуп жеп жатасыңар да. Ээээээ бар ээээээ... Сөз деле айып силерге...
+7
Baku88
2018-10-31 15:44:31
Роддомду аттап киргенден башталат го акча сурамай анысына мунусуна тигинисине торотконго 100$ бересиң анан санитаркасына 1000 сом ал жерде аралашып жүргөндөрү ачык эле сурайт акчаны бербесен карабайт и то бул мындан 7 8 жыл мурун андан бери дагы көбөйдү болуш керек вообще уялбай ачык эле сурайт мынанча сом бересиң деп эгер бербесен карабай таштап кетип калышат өзүм өлсөм өлөйүн баламы карасын деп беребиз чыгып келе жатканын эми айтпай эле коёюн босогого коздорун жалдыратып туруп алышат сагалап
+4
Baku88
2018-10-31 15:54:50
Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары жумуштан кетсин уялбай кайсы бети мн айтып жатат акча алынбайт деп же эмне элдерди шылдындап жатканыбы куйбогон жерини кул кылат го өз колубуз мн эсептеп акча беребиз бербесен карабайт өлөйүн деп жанын оозуна кептелип калса да карашпайт бербесен эмне кылып аласын дегенсип мыйыгынан жылмайып көзүнүн кыйыгы мн карап ары басып бери басып жүрө беришет кочукторун чайпап акча берсең хандын аялын тороткондой торотот го
+4
Jasa
2018-10-31 16:21:20
Ноокат,кызыл кыяны айтып отушуптур,мен областной роддомго оштогу 2014 жылы суйунчу деп 3.4мин анан чыгып атканда кагазына,ороп бергенине баары биригип 6.7 кеткен,кайдагы бекер торот...азыр мындан хуже болсо керек
+5
amirrus
2018-10-31 16:53:03
оозунуз кыйшайып калбасын калп айтканга кудайдан корксонуз боло ушундай жалганчыларды кантип Жогорку кызматтарга коюшат дейм да
+5
talaa11
2018-10-31 17:16:41
Ошону айтып ХХХХХХХ жепсин не элди келесоо деп ойлоп атасынбы? Элди алдай албайсын
+4
Nursbaike
2018-10-31 18:19:48
Министр озу деле берет тороп калса . Бул мыйзам слух учунда
+3
Baicho_0707
2018-10-31 20:14:31
Калган депутаттар ушуну уккандан кийин жон эле унчукпай отуруп калыштыбы?! Ааа бекер экен деп суйунуп калышкан го,коррупция торотканадан башталат деген ошол болот,билип алгыла депутаттар. Баарынан пайда жок.
+4
Frunze2
2018-10-31 20:50:51
Ушул фактыны биле туруп, зам.министр калп айтса ошол калпычыларды иштей бер деген депутаттардын оздорун кошо бийликтен шыпырып тушуш керек.

Эч ким чара корбогону учун да каалаганын суйлоп, каалаганын кылып талтандап журушот да.....
+4
nelli
2018-10-31 21:16:09
КНоокат, Кызыл-кыя, андан бери Кадамжайга деле бир келишип корушсунчу! Озу айткан жомоко озунон башка бир жан ишенбейт.
+2
Nuri1988Elim2010
2018-10-31 21:20:23
Коррупция торолгондон башталат,анан бала-бакча,мектепке киргенден буткучо,анан жогорку окуу жай,зачёт,экзамен,гос экзамен,диплом защита,анан диплом алгандан кийин жумушка кирейин десен $.Анан айла жок дипломду сейфке салып талаалап жумуш издеп,ботон эл,ботон жерде журушот далайы.
+4
arushka13
2018-11-01 03:05:16
саламатсыздарбы кечиресиздер Ош обл Карасуу районунда канча кетет экен примерно? бугун эртен башталат эле да ошого сурап алайын...
+2
Feiza1982
2018-11-01 04:00:37
Жаныңды жегир жалганчы!!!
+2
Aitik
2018-11-01 04:02:41
Биздин чоңдор эмне мынча төмөн түшүп калган?
Чиновниктер элди ойлобогону бул факт болот.
+2
Aitik
2018-11-01 04:08:25
Лично мен 10000 сом бергем. Аялың ооруп жатса..балаң ыйлап жатса.. кантип бербей койсун.
Милицияга арыздансаң маскарлайт күлөт.. аялыы чыгара албай жатасызбы деп!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан