Ысык-Көлдө жаран 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунда жаран 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга облустагы реабилитациялык борбордун кызматкерлери арыз менен кайрылган.

"Борбордун кызматкерлерине 13 жаштагы кыз 2015-жылы өгөй атасы тарабынан эки жолу зордуктоо болгонун айткан. Анын бирөө апасы жокто, ал эми экинчиси туугандарынын үйүнө конокко барганда болгон. Ал эми медициналык экспертиза кыздын кыздык белгиси жабыркаганын аныктаган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, өгөй ата камакка алынды. Учурда тергөө жүрүүдө", - дешти облустук милициядан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
engel
2018-10-31 18:34:44
Болбой калыптыр анча мынча эркек сооройлорубуз! Кыргызстандын жарымы педофил болуп кеткенби?
+9
Nuri1988Elim2010
2018-10-31 20:53:17
Эх эмне деген эле кабарлар!Эмне дешинида билбейсин.Барган сайын адамдар напсинин кулу болуп бараткандай.

Оо Аллахым ар бир пенденин журогуно ыйман бере кор.
+3
Umakg
2018-11-01 09:03:09
Кундон кунго адамдар айбан болуп жатабы,ушундай болсо аялын менен жа.
0
Gulnyr19
2018-11-01 10:07:33
Өгөй ата, өзүнүн атасы болгондо да кичинекей кыздарды зордуктап, кайда бара жатабыз. Алакандай кичине мамлекетте не деген жийиркеничтүү иштер болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан