ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова 50 жашка толду

Бүгүн, 1-ноябрда белгилүү эстрада ырчысы, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова 50 жашка толду.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Жок дегенде 3-4 балалуу болсом деп кыялданчумун. Негизи Кудай адамга 3-4 жол берет, ошонун бирөөсүн өзүбүз тандап алат экенбиз. Ошондон улам адам тагдырын өзү курат дегенге ишенем. Балким, мен жашоомдо чыгармачылыгымды биринчи орунга койгондурмун. Мүмкүн, көп бала-чакалуу болуп жашай турган адамды жолуктурган жокмун. Бул эми тагдыр да".уулу Арназ менен
  • "Дайыма бир калыпта жүрө албайм, өзгөрүп турганды жактырам. Эксперимент деп чачымды кырктым, бир аз арыктадым. Кайрадан машыгуучу залга бара баштадым. Мурда барып жүрүп таштап койгон элем. Окумуштуулар "бардык оорунун түрү - спорт" деп айткандай, спорт менен машыксаң дениң сак болот. Биз, адамдар өтө жалкообуз, кыймылдабай отуруп алып эле тамак жей беребиз. Мен машыктыруучунун көзөмөлүндө гана чуркайм, гантель көтөрөм, пресс жасайм. Жаш көрүнүшүмө ушулар себеп болсо керек".

Гүлнур Сатылганова 1968-жылы 1-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарчасында туулган. Мектепти 1985-жылы Токтогулдан аяктап, 1987-жылы Искусство институтунун хор-дирижёрлук бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жетиген" ансамблинде, андан соң "Арашан" фольклордук тобунда эмгектенген. Ырчы "Каалайм сага", "Сагыныч", "Сүйөмүн моокум канбастан", "Кызыл өрүк", "Кызгалдак гүлүм", "Туулган жерди сагынуу" "Булуттар", "Ыр десте" аттуу ырлар менен атактуулукка жетишкен. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамдарынын ээси, "Ариет" уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

1-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан