Депутат: "Өлкөдө 1390 бала бакча бар, анын санын 2 эсеге көбөйтүү зарыл"

Депутат Алмазбек Эргешов Кыргыз өлкөсүндө бала бакчалардын жетишсиздиги маселе жаратып жатканын бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө бала бакчага муктаждык көп.

“Өлкөдө 1 миң 390 бала бакча болсо, анын 1 миң 248и мамлекеттик, калганы жеке менчик.

Учурда бала бакчага 178 миң 700 бала барып жатат, бирок бул бала бакчалардын ылайыкталганынан 40 миң бала ашыкча болуп жатат. Айрым айыл өкмөттөрүн карап көрсөк бала бакча жок. Бүгүнкү күндөгү бала бакчанын санын жок дегенде 2 эсеге көбөйтүшүбүз керек. Өкмөт, бала бакча боюнча аракеттерди көрсөңөр”, - деди Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан