Момбеков: "Апрель окуясында снайперди атып түшүргөн жигит каза болду, Боронов басып да барган жок"

Депутат Рыскелди Момбеков 2010-жылы Апрель окуясында чоң эрдик көрсөткөн жигиттер каза болгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

“Каймана аты "БТР" болгон Абдырайым Касымов жана каймана аты "снайпер" делген Эмил Кыштобаев Апрель окуясында чоң эрдик жасаган, бири УКМКдан БТРди айдап чыгып элге жардам берсе, экинчиси колундагы автоматы менен Ак Үйдүн үстүндөгү снайперди атып түшүргөн.

Июнь айында Абдырайым Касымов каза болсо, жакында эле Эмил Кыштобаев каза болду.

Президентке рахмат, 100 миң сом бөлүп жардам көрсөттү. Ал эми Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Кубатбек Боронов басып да барган жок. Эгер Апрель окуясы болбогондо ал киши пенсияда же Чүйдүн жетекчиси болмок. "Акылмандар революцияны даярдайт, акмактар жасайт, жемкорлор жемишин көрөт" дейт. Ушундай болуп жатат. Эки жигит дүйнө менен кош айтышты, балдары жетим калды. Буларга мамлекет бир да жардам бербептир, турак жай маселеси чечилбептир”, - деди Момбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
barakcha
2018-11-01 11:46:59
Аллах коруп турат!Куноолуулордун жазасын Аллахым берсин!!!
+6
Ka2sr1
2018-11-01 13:34:08
barakcha,
Ошо сенин аллахын бакиев менен сокенин жазасын берсин
-18
tursunbaev78
2018-11-01 20:32:14
Ka2sr1,тообо келтир,кафир
+5
bekmirzach
2018-11-02 09:41:11
Апрелде курман болгондордун аркасы менен Атамбаев жана анын аткашчулары болушунча жыргашты. Бирок куру сөз менен да оолорго ыраазычылык билдирип куран окуп коюшкан жок. Көздөрүн май басуу менен 6 жыл чартаңдашты.
0
Erik2018
2018-11-01 11:52:55
Ошол апрелчилердин үмүтү акталган жок. Атамбаев аларды пайдаланып, каалаганы кылып азыр жыргап жүрөт. Өкмөттүн азыр убактысы жок анын функциясы өлкөнүн экономикасын алдыга карай жылдыруу.
+11
Ka2sr1
2018-11-01 13:28:34
Erik2018,
Атамбаевди жамандабай эле койчу. АША коп иш жасаган. Атамбаев кылган ишти Жээнбеков бирин да жасай албастыгы корунуп калды. С. Жээнбековдой президенттин элге кереги жок. Иниси Жогорку Кенешти ээлеп алып, СДПКны болуп жарып каалаганын кылып журот. Бакиев элди снайперлери менен талкалаган. Бакиев баласы экоо олкону тоноп, эл менен эсептешпей калган учун кандуу окуя болгон.
-3
Erik2018
2018-11-02 09:45:49
Ka2sr1, Калпты ышкыртпачы. Жээнбеков 35 миңдин жумуш ордун ачып жаткан долбоорду баштады
0
Derzki_kyrgyz
2018-11-01 11:54:34
Тиешелуу жазаларын ала баштаган окшойт. Момбековдун акыл эси ордундабы. УКМКдан БТР сууруп чыкса ал жазаланышы керек. Экинчи жаран болсо снайперди атканга акысы жок. Снайперди атыш же кармаш ал укук коргоо органдарынын иши!
+22
bazar
2018-11-01 12:03:01
Derzki_kyrgyz,туру айтасың
+6
kechirmeni
2018-11-01 12:04:24
Derzki_kyrgyz,Ал убакта ситуация ошондой эле,мамлекет, ошол органдар оздорун эптей албай аткан убак болчу
+5
Дарыгер
2018-11-01 12:29:55
Derzki_kyrgyz, же туура
-5
Fanatic
2018-11-01 12:50:44
Derzki_kyrgyz,не ошентип элди атыпатса не органдарга таяныып отура бересинби сен ошолордун иши деп коргоносунбу же атаберсин азыр укмк органдар келет деп качып журосунбу
+4
taalay25
2018-11-01 13:18:41
Derzki_kyrgyz,атып атса карап туруш керек беле? Укук коргоо органдарвн кошулуп атышып атса кармамак беле?
+4
aidartegin
2018-11-01 14:18:41
Derzki_kyrgyz, Бул кайсы акылы кемдин жазганы же болбосо ошол бийликтин ырын ырдап , ошолорго жан тарткан адам баласы сыяктуунун жазганыбы!! Ошол учурда элди кырып атса четинен! Сен ошол жерде болгон эмессин, болсон минтип ириген создорду жазмак эмессин. Ошол учурда Ак-уйдо жашынып жаткан канкоорлорду , Ак-уй кок уй менен жардырып ийе турган эмоцияда болчу элдер. Минтип жазбай журунуз, Урматтуум менин!
0
akylbekkg
2018-11-01 15:43:52
Derzki_kyrgyz,укук коргоо органдары озулору качып журсо кайдан иш алып барат
+1
1Adilet1
2018-11-01 16:07:33
Derzki_kyrgyz,
0
bazar
2018-11-01 12:05:58
УКМК га кол салсаң демек баатыр болот экенбиз да.
"Жеңгендер соттолбойт" деген сөздөр таамай айтылган экен
+10
Salaf
2018-11-01 12:16:14
Алардын үйбүлөсүнө жардам берип, чара көрүлгүдөй алар эмне сырттан басып келген душманды өлтүрүшүптүрбү? Саясий оюндарда эч кандай баатыр, эрдик же башка болбойт, жөнгана саясий курмандык деген наамда болуп кала беришет.
+14
aidartegin
2018-11-01 14:22:20
Salaf, Сенин жакын адамын ошол жерде ошондой курман болгон эмес... андайды да каалабайм! Жаркыным!
+2
Artyr1994
2018-11-01 22:07:45
aidartegin,сенин жакын адамынды Ошто 2010жылы озундон чыккан орт жаман болуп, ака-ука деп коншу болуп, Ошту басып алганга аракет кылган[moderated]дын колунда курман болсочу
0
bond02
2018-11-01 12:24:06
Вот акмактар жасайт, эми ойлонуп кор озун депутат мырза БТРди айдап чыкканы эрдикпи?
+4
iryi1
2018-11-01 13:20:42
Элди кырган ХХХХХХХ. Снайпер менен элди аткансынар. ТЕНИРИМ жазаласын.
0
Jango
2018-11-01 14:09:43
Момбеков момпойуп эле олтура бер суйлойт десе суйлой бербей
+2
Aikaaaa
2018-11-01 15:12:29
Канчалаган кишинин өмүрүн алды, эл сыздап кана калышты. Эл ошо бакиевге окшогон койчуга кой болбойлу деп чыгышкан. Телефонуң маяк берген үчүн да акча алып, тезек терип жашоо артка кетип аткан. Түнкү 12 де свет өчмөй, иши кылса билген кашаларын чалып баштады эле да
-1
Flowhive
2018-11-01 16:10:15
Снайпер деле кыргыз жигити эле да,бул жерде баатыр жок.элди бири бирине кайраган жаман адамдар бар
+4
jumaev0084
2018-11-02 00:06:18
озу аткандай суйлоптурго Болсунбек 22
0
Osh3015
2018-11-02 01:34:36
Момбеков, Мискенбаевдер 2010-жылдан кийин байып кетишти.Ага чейин караны да жок болчу. Момбеков айткан Атамбавеге карызмын деп "Марал" радиосунда 22.03.2018 жыл
0
rysik79
2018-11-02 06:24:27
Момбеков ХХХХХХ ХХХХХХХХХХ. Бороновко асылып баштаптыр.
-1
Take_men
2018-11-02 10:05:08
Бул эки адам эмнеден каза болгон?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан