Жыл башынан бери катталган өрт кырсыктарынан 43 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Малыматка ылайык, 9 ай аралыгында 3 миң 628 өрт кырсыгы катталган. Өрт кырсыктарынан 43 адам каза болгон, былтыр бул убакыт аралыгында 49 адам каза болгон. Куткаруучулар тарабынан өрт кырсыктарынан 60 адам куткарылган. Өрт кырсыктарынан келтирилген чыгым 1 миллиард 190 миллион 579 миң сомду түзгөн.