Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу: Чүй облусунун курама командасы Талас курамасын утуп финалга чыкты

Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалдык беттештери орун алууда. Анда алгачкы беттеште Чүй менен Талас облусунун курама командалары кез келди.

Беттештин алгачкы бөлүгүндө Чүй облусунун курама командасы Таластын тай казанына 3 улак таштаса, таластыктар 1 улак менен жооп кайтарышты. 2-бөлүктө чүйлүктөр дагы 1 улак таштап, эсепти 4:1 кылды. Чечүүчү бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө Чүй облусунун курамасы Рустам Тыналиевдин таштаган улагы менен эсепти 5:1 кылды.

Муну менен Чүй облусунун курама командасы финалга чыгып, алтын медалдар үчүн күч сынашат. Ал эми Талас облусунун курама командасы 3-орун үчүн күрөшмөкчү.

1-ноябрда орун алуучу бетештердин жүгүртмөсү:

Чүй облусу - Талас облусу - 5:1;

Саат 15:30да:

Ош облусу - Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Boobek_5
2018-11-01 15:41:27
Таластын Чагылган деген аты зыңк экен
+1
futboler
2018-11-01 18:56:10
Намыс кайда калды)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан