Самара Каримова: "Менин кичинекей кызматка келишим көп адамдын уйкусун бузат экен"

"Менин кичинекей кызматка келишим, көп адамдын уйкусун бузат экен". Ырчы Самара Каримова мындай пикирин 1-ноябрда Ош шаарындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчилигинен бошотулгандан кийин социалдык түйүндөгү баракчасына жазды. Ырчы ал билдирүүсүндө аталган окуу жайды эки жыл аралыгында оңдоп коё турган ою болгонун да белгилеген.

"Менде баары жакшы. Жараткан мага дагы бир сыноо бериптир. Чын жүрөгүмдөн кабыл алдым. Өнөр адамы катары музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зериккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун. Тобокелге салып, демөөрчү тартып, долбоор жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун ою бүткүчө, тобокелчинин иши бүтчү эле. Мейли, насип деген нерсе бар. Менден башка жакшы адам келип оңдоор, үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү.

Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим. Мен деген оңой адам эмес экенмин. Менин кичинекей кызматка келишим көп адамдын уйкусун бузат экен. Кээ бир чоң кызматта иштеген агаларымдын көкөйү кайнайт экен. Бирок айтарым, кучактап отурган креслодон кетериңер менен эл унутат. Кудайым берген талантым менен элдин жүрөгүндө болсом керек. Мага жата калып бут тоскондор, мен силерге капа эмесмин.

Көп сөз бар эле, бирок менин мүнөзүм аял болсом да эркекче. Бир айтам, бирок кайтпаймын", - деген пикирин жазган ырчы айым.

Самара Каримованы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук 24-октябрда чыгып, ал эмгек жамааты менен расмий түрдө тааныштырылган болчу. Бирок бүгүн маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ал буйрук жокко чыгарылганын билдирди.


кошулду
Самара Каримованы окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (65)
Ngazi
2018-11-02 09:56:41
Ооз ачпай эле койсо болмок экен, жетекчи катары тажрыйбасы жок. Куйоосу дайындатты да ачык эле, болбосо музыкалык окуу жайга жетекчи табылбай калган жок да. Ушундай дайындоону жургузгон стат катчы выговор менен кутулуп кеткен окунучтуу, дароо кызматтан алыш керек болчу.
+16
JaneEr
2018-11-02 10:59:37
ХХХХХ ХХХХХХ Уйкусун бузуп атыптыр деп да айтабы.Эки созун эптей албай нанды "нана"-деп журот озу.Соз жок экен буга уяты жок.
+13
nur0202
2018-11-02 11:01:47
Туну менен уктай албай озундун уйкун бузулбадыбы ойлонуп.Эми кайсы жерге мурдуму тыксам экен деп.Музей болбоду,училище болбоду...ммм дагы деп ойлонуп уктабай чыккандырсын
+14
Koichuman
2018-11-02 11:41:44
Ушул менен экинчи жолу элге татыктуу эмес экенинди билдирдин!
+16
Frunze2
2018-11-02 11:50:55
Самара, эл сага кичинекей кызматты ыраа корбосо, демек эл оной адам эмес, эл ХХХХХХХХХХ жетпедиби ыя?!!
+12
urmat-77
2018-11-02 11:51:31
Койчу Самаш сен да ХХХХХХХ Карыйсын сендей дагы бир сулуусу чыгат.Анан мен дүйнөнү Асан менен тааныгам деген жаңы хит ыр чыгат.
+16
Makedonia
2018-11-02 12:55:27
)))))
+5
admin_superstan
2018-11-02 13:02:48
urmat-77, этика нормаларын сактаңыз! БАНга!
-6
Frunze2
2018-11-02 11:54:06
Ансыз да акчанын, тааныш билиштин кучу менен келген болчу, адилеттуулук ордун тааптыр, аны Самара тушунууго ХХХХХХХ
+12
Дарыгер
2018-11-02 11:59:10
Самараны сындап жазгандар. Самара искусство адамы. Буткул кыргыз Эли тааныйт сыйлайт. Убагы келсе дагы. Чон кызматтарга келип Кыргыз элине кызмат кылат. Коменттчилер Тим эле тоону томкоргонсуп жазасынар)))
-27
Frunze2
2018-11-02 12:28:53
Дарыгер,
Самаран искусство адамы болуп эмнени кыйратты?!! Ар кимдин ырын ырдап жургонубу?!!

Таанылсын дейсин, Анжелика экоо качан караба оздорун пиарлап журсо, мышыгы тууп, кучугу ургонунон бери соц.тармакка жуктоп, компьютердик программанын жардамы менен подписчик санын кобойтуп, аны тойлоп, эл тааныйт да, "баягы аллергиябы" деп...

+16
admin_superstan
2018-11-02 13:05:49
Дарыгер,
Порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, жеке айтышууларга жол бербеңиз! Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин эрежелердин талабына ылайык жаза алат. Эскертүү!
+5
Dembele84
2018-11-02 14:00:53
Дарыгер,А эмнеге ушунча ырчыларыбыз туруп,бир гана Каримова директорлука эле дайындала бериш керек?Алар деле эл ырчысы эл адамы го,керек болсо андан кучтуулору коп.Унчукпай эле ырын ырдап тирилик кылып журушот го.Куйоосу жан талашып эптеп бир майлуу жерге отургуза албай жатканын бут эл байкап турат.
+11
nelli
2018-11-02 20:38:02
Дарыгер, капырай де)))) Ошол окуу жайларда искусство адамдарынын кобу эмгектенип келе жатат. Мисалы Замир Мырза.
+1
al79mi
2018-11-02 12:36:02
Коро албай жатат, бут тосту деп эле айласы кеткенде башка обоснованиясы жок болгондо чыга калышат! Коптун козу корогоч! Калк айтса калп айтпайт дейт! Тынч эле ырын ырдап журо берсинчи Самара!
+15
33SUUN
2018-11-02 12:53:36
Асан акаа,Асан ака!Иштин баарын олтурдунузда!Акчаны ташка байлап туруп ыргытканызда алысыраака тушмок.
+10
Ngazi
2018-11-02 14:01:12
Маданият министрине кенешим: Самара Каримованы кайра кайра дайындап-кызматтан алып кыйнала бербей, шоопур дайындаган куйоосун маданият министрлигинин туштуктогу окулу кызматынан бир жолу алып койсонуз, кутулат элениз, министрликке кайра кайра колоко тушургондон.
+12
Dembele84
2018-11-02 14:25:55
Ngazi,Ооба, куйоосу туштукто маданият боюнча шеф болуп алып,Ош драм театрын озунуку кылып алган,Рахман,Тынарларды ал жерге жолотпойт.Драм театрдын эскилиги жеткен,ушунча башкарып отуруп кайрадан ашмалтайы чыгып кетти.Ошону иштен алып,Р.Разыковду же Г.Садыбакасованы ордуна койсонор жакшы болмок...
+12
Aikaaaa
2018-11-02 17:09:21
Баланын кенедей кезинен берки тилеги го директор болуш. Мурдакысында бир күн, мунусунда эки күн директор болуптур, эми дагы бир жерге директор болуп үч күн отурса керек. Каап, директорлугун жууп ийелегинде алынып калып жакшы болуптур
+8
Belek2018
2018-11-02 19:39:30
Эмгек синирген артист наамын Прокуратура текшерип туруп чечимин жокко чыгарыш керек. Сатып алам дегендерге сабак болот. 15 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы жана башка закон талаптарына туура келбесе деле шопур акеси менен кошо берип коюшуптур. Кичине уяты бар окшойт болбосо Баатыр деген наамды эле сураса болмок экен биротоло. Жаны министр катуу контролго алып мындай нерселерге жол бербениз, ак эмгек кылган артистерди ыйлатпаныздар
+7
Aidani
2018-11-02 19:42:03
Самашты Ошко губернатор кылып эле шайлап койбойлубу, тынчыраак уктасын
+8
Belek2018
2018-11-02 19:47:39
Aidani,))))
+6
aiman1983
2018-11-02 23:52:15
Aidani, губернатор болбой калат, мэр десен)))
+3
naida81
2018-11-05 11:21:35
Aidani,же туз эле кийинки шайлоодо президенттикке
0
demo009
2018-11-03 05:11:56
Оа,мен уккан күнү таң атканча уйкум кетти,эртеси күнү кайра уйкум келди,Самаш
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан