ЖЫЛНААМА, 12-НОЯБРЬ: Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Даңазалуу кылым" сериалындагы Махидеврандын ролун ийине жеткире аткарган түрк актрисасы Нур Феттахоглу 38 жашка толду

Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Даңазалуу кылым" сериалындагы Султан Сулеймандын 2-аялы Махидевран Султан эсиңиздеби? Бүгүн дал ошол түрк актрисасы Нур Феттахоглу 38 жашка толду. Ал 1980-жылы 12-ноябрда Германиянын Дуйсбург шаарында төрөлгөн. Актрисанын атасы түрк, апасы немис улутунун өкүлдөрү. Актриса төрөлгөн жылы ата-энеси Германияда жашашкан.

1984-жылы Түркияга көчүп кетишкен. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Актриса бала чагында кооз кийимдерге жана модага кызыкчу. Келечектеги актриса мектепти жана лицейди бүткөндөн кийин Халич атындагы түрк университетине тапшырып, кийимдердин дизайны боюнча бөлүмдө окуган. Окууну аяктагандан кийин банкта иштеп, кийинчерээк телевидениеде диктор болгон.

2007-жылы Нур Феттахоглуну түрк телевидениеси сериалга тартылууга чакырышат. Анын биринчи түшкөн тасмасы "Менден ата чыкпайт" аттуу тасма болгон. Бул тасманын бюджети аз болгондуктан анча тааныла алган эмес. 2008-жылы дагы бир сериалга тартылып, Нур түрк элине таанымал боло баштайт. Кийинки тасмасы 2011-жылы "Карышкырлар өрөөнү: Палестина" болгон.

Ошол эле жылы "Даңазалуу кылым" тасмасындагы Махидеврандын ролуна чакыруу түшкөн. Актриса дал ушул "Даңазалуу кылым" телесериалы аркылуу популярдуулукка жеткен десек жаңылышпайбыз.

Бул тууралуу: "Сценарийден Махидевран тууралуу биринчи окуганымда жүрөгүм дүкүлдөп чыккан. Сулуулугу менен даңкталган, роза деп атыккан Махидевранды алып келишип, аны болочок султан үчүн атайын даярдашат. Ал үчүн Сулейман баары болгону менен, жалгыз таянычы уулу Мустафа эле. Башында Махидевран ак сарайда эң сонун жашоону өткөрөт, бирок Хүрремдин, орус жыланынын келиши менен анын бүт өмүрү өзгөрөт.
Тартуу процессине келсек, күн сайын күзгүдөн окшош эле жүздү көрүүгө чыдоо кыйын болду. Биринчи жана экинчи сезондо мен "Махидевранды көрөйүн деген көзүм жок, анын кайгы-запкысын башымдан өткөргүм келбей калды" деп эле жүрдүм. Кийинки сезондордо "карыган Махидевранды көргүм келбей калды" деп баштадым. Каармандын улгайган учурун ойноого көпкө чейин баш ийе албай, кийин ага да көндүм. Атүгүл грим, чач жасалгалоо, костюм кийүү даярдыктарын жарым сааттын ичинде бүтүрүүгө жетишип калдык", - деген актриса.
Актриса 2014-жылы Махидеврандын шөкөттөлгөн барпайган көйнөгүнөн эс алып, "Өмүр жолунда" мелодрамасына тартылган. Ошондой эле Нур Феттахоглу түркчө "Шерлок Холмс" аталган Филинта Мустафа жөнүндөгү "Филинта" телесериалына тартылган.“Филинта” телесериалынан кадр.
2017-жылы "Фи, Чи, Пи" тасмасы аркылуу өлкө боюнча эң популярдуу актриса статусун алган. Фильм интернет тармагында жана Түркияда миллиондогон көрүүчү топтой алган. Ал эми актриса азыркы учурда "Бир туугандардын балдары" аттуу тасмага тартылып жаткан кези.

Жеке жашоосуна келсек, актриса 2008-жылы Мурат Айсанга турмушка чыгып, 2011-жылы ажырашып кетишкен. Ал эми 2013-жылы экинчи жолу Левент Везироглу аттуу түрк ишкерине турмушка чыккан.

Арадан 2 жыл өткөндөн кийин түгөйлөрдүн ортосунда чыр чыгып, экөө бири-бири менен болгон мамилеси, келечеги тууралуу ойлонууну чечишип, мамилесин убактылуу токтотушкан. 2015-жылдын май айында кайрадан чогуу болушуп, арадан аз убакыт өтпөй Нур Феттахоглунун кош бойлуу экени белгилүү болгон.

2016-жылдын 11-февралында Елиса Гүзин аттуу кыздуу болушкан.

Актриса тууралуу кызыктуу маалыматтар:
  • Актриса шоппинг кылууну жактырбайт;
  • Диетага ишене бербейт. Диета кармаган адам тескерисинче көп жейт деп эсептейт. Өзүнүн келишимдүү келбетинин сырын жашоодогу активдүү образы менен байланыштырат.
  • Келечекте жеке өзүнүн модалуу бутигин ачууну кыялданат.
  • Нур биринчи жолу турмушка чыкканда жолдошунун фамилиясына өткөн. Көпчүлүккө азыркы убакка чейин Нур Айсан деген аты менен белгилүү.
  • "Даңазалуу кылым" сериалында Хүррем султан (ред. Мерьем Узерли) менен кас болгону менен, жеке жашоосунда экөө жакын курбулардан;
  • Актриса "Даңазалуу кылым" сериалындагы уулу Мустафанын ролун аткарган актёр Мехмет Гүнсүрдөн 5 жаш кичүү.

12-ноябрга карата жылнаама.

"Даңазалуу кылым" сериалында Махидеврандын ролун аткарган түрк актрисасы Нур Феттахоглу 38 жашка толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2018-11-12 20:24:07
Суйом го ушуну.
+3
ludimira
2018-11-12 23:02:04
Мустафадан беш жашка кичуу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан