Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2 жаштагы баланы тарбиялайм деп сабаган жеңеси 2 жылга шартту кесилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди 20-июлда Балыкчы шаардык соту чыгарган. Айыпталуучу Г.Ч. Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) жана 112-беренеси (ден соолукка атайылап залал келтирүү) менен айыпталган. Ал мурда соттолбогону жана жаш балдары бар экендиги эске алынып 2 жылга сыноо мөөнөтү менен шарттуу турдө эркинен ажыратылган.
Эске салсак, окуя ушул жылдын 27-май күнү болуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2 жаштагы баланын сабалып, ооруканага түшкөнүн билдирген. 33 жаштагы Г.Ч. аттуу келиндин жолдошу жана кайнежеси Каракол шаарына картошкага иштегени кетишкен. Мындан улам айыпталуучу өзүнүн төрт баласы жана кайнежесинин 2 жаштагы баласы болуп Балыкчы шаарында жашап жаткан. Алгачкы тергөө иштеринде келин 2 жашар бала шымына сийип койгондугу үчүн аны тарбиялоо максатында уруп койгонун айткан. Ал эми сабалган наристенин атасы каза болуп калгандыктан, апасы инисинин үй-бүлөсү менен жашап келгени айтылган.