КҮНСОБОЛ: Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деп собол салды.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Кыргызда Пашинян, Саакашвилидей реформаторлордун чыгышына коомдук-саясий систем жолтоо болуп жатат”

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев Кыргызда реформатор саясатчылар бар экенин айтты.

“Реформаторлордун чыгышына коомдук-саясий систем жолтоо болуп жатат. Анткени акыркы Конституция боюнча парламенттик башкарууга өттүк. Мындан ары парламент башкарат, премьер-министр мамлекеттин башчысы болот деген менен ошонун механизми Кыргыз мамлекетинде түзүлгөн эмес. Ошондуктан карама-каршылык болуп жатат. Парламенттик башкаруу деп коюп президентти жалпы эл шайлайт. Эгерде парламентти, президентти дагы эл шайлай турган болсо бул экөөнүн укугу негизинен бирдей болуш керек.

Дагы бир маселе. Парламентти партиялык түзүм менен шайлап жатабыз. Мындай жол менен шайлаганда элдин өкүлү кайда? Эл түздөн-түз өзүнүн өкүлүн шайлаган жок да. Депутат “мен элге отчёт бербейм” деп айтып жатат. Анткени мыйзам ошондой болуп жазылып калган да. Такыр эле эч кимде жоопкерчилик жок.
Конституцияда парламенттик башкаруунун чыныгы формасы чечилген эмес. Парламенттик башкаруунун классикалык формасында жеңген партия, коалицияны түзгөн партиялардын жетекчиси жоопкерчиликти моюнуна алып, өкмөттүн башына отурушу керек. Биздин Конституцияда андай нерсе жок болуп калган. КСДП көпчүлүктү түзөт, алар болсо премьер-министрге адамды менеджер кылып жалдап алышат. Менеджер эч нерсеге жооп бербейт. Ошентип биздин Кыргыз мамлекетинен чыга турган реформаторлорго жол жок. Ошон үчүн Пашиняндай реформаторлор чыкпай жатат”, - деди Чолпонбаев.

ОСМОНАЛИЕВ: “Кыргызга күйгөн саясатчыларды бийликтен оолактатуу боюнча максаттуу саясат жүргүзүлүп келе жатат”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Кыргыз өлкөсүнөн да жакынкы убактарда реформаторлор чыгат деген пикирин айтты.

“Учурда бийлик башынан башка мамлекеттин лидерлерине тең келе турган, таза кыргыз саясатчыларын көрө албай турам. Мунун себеби бар. Эгемендүүлүктү алгандан бери эле кадр саясатын бузуп алганбыз. Ошондо эле Кыргыз мамлекетине күйбөгөн, сырттан келген кеңешчилердин колуна кадр саясатын берип койдук. Анын алгачкы курмандыгы Насирдин Исанов болду. Кыргызга күйгөн саясатчыларды бийликтен оолактатуу боюнча максаттуу саясат жүргүзүлүп келе жатат. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Ошол эле учурда чечкиндүү, чынчыл жигит-кыздарыбыз да жок эмес, алар арабызда эле жүрөт”, - деди ал.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Азыр Кыргыз коомунда реформаторлорго караганда Путин, Назарбаев сыяктууларга талап жогору”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө Пашинян, Саакашвили сыяктуу лидерлер бар.

“Биздин коомдо Пашинянга да, Саакашвилиге да окшогон лидерлер бар. Бирок алардын бийлик башына келишине коом жол бербей жатат. Өлкө баалуулуктарын өзгөртө ала турган көз караштагы саясатчыларга коомдон талап болгондо гана бийлик башчылары алмашат. Азыр Кыргыз коомунда реформаторлорго караганда, Путин, Назарбаев сыяктууларга талап жогору. Реформаторлордун бийликке келиши саясатчылардан эмес, коомдон көз каранды. Эл реформаларды каалаганда гана алардын идеяларынын башына келе ала турган лидерлер чыгат”, - деди Жээнбеков.

МАСАДЫКОВ: “Реформаны президент чындап каалап турса дагы тегерегиндеги адамдар тоскоолдук кылып, каршы чыгып жаткан болушу мүмкүн”

Саясатчы Таалатбек Масадыков бийлик реформаторлорду жолотпой жатат деген пикирде.

"Албетте, саясатчыларыбызды салыштырса болот. Бирок Пашинян, Саакашвили эле жакшы деп да айтууга болбойт. Себеби алардын да катасы бар. Ошол эле учурда биздин өлкөгө реформа жасоо өтө зарыл. Бизде да реформа жасай алчу адамдар бар. Жаштардын, орто жана улуу муундун ичинде өзгөрүүнү каалагандар жок эмес. Реформа жасаганга мүмкүнчүлүгү, билими , тажрыйбасы да жетет. Бирок андай адамдарды бийликтегилер жолотпой жатат. Өлкөдө кадр саясаты жок болууда. Өздөрүнүн сөзүн уккан, аларга баш ийген адамдарды кызматка алып келишүүдө. Учурда ички саясат, команда өзгөрдү. Ошентсе да системдик реформаларды ишке ашыра турган кишилер келе албай жатат. Же алардын каалоосу жок, же билими, тажрыйбасы жетишпейт. Азыркы бийликтин командасы алсыз. Реформаны президент чындап каалап турса дагы тегерегиндеги адамдар тоскоолдук кылып, каршы чыгып жаткан болушу мүмкүн. Президент реформа жасашы үчүн жетишерлик убакыт өттү.

Менимче, шайлоо системи өзгөрмөйүнчө реформатор кадрлар бийликке бара албайт. Саясий партияларды көрүп жатасыздар да. Акчалуу адамдар шайлоого аз калганда эле активдүү болуп, бийликке келип калууда. Ар бир аймактан күчтүү адамдар чыгып, шайлоого катыша турган мажоритарлык шайлоо системин курушубуз керек. Туруктуу, күчтүү партия пайда болушу үчүн көп убакыт керек. Эң чоң партиянын ичинде эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо да коомубузду өзгөртөт деп ишенбейм”, - деди ал.

КОЖОШЕВ: “Реформаторду революция жолу менен чыгарабыз дегенден алыс болушубуз керек”

Мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошевдин пикиринде, саясий чечимдерди кабыл алуу менен реформаторлорду чыгарса болот, бирок эл колдошу керек.

“Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу саясатчы чыгышы үчүн ошолорго түзүлгөндөй шарт түзүлүшү керек. Андай шарт азырынча биздин өлкөдө жок. Ошентсе да мен кыргыздын жигиттеринин арасында мындай адамдар жок эмес деп ойлойм. Алар бир күнү чыгат. Болгону шарт түзүлүш керек. Мисалы, Пашинянды эл колдоп, өзү чыгарды. Өлкөбүздө 2 жолу революция болду. Дагы бир революция болсо, эл аны көтөрө албайт. Ошон үчүн саясий чечимдин арты менен мыкты реформатор адамдарды алып чыксак жакшы болот эле.

Реформаторлор чыгышы үчүн түзүлгөн шарт комплекстүү болгону жакшы. Биринчиден, эл колдоп, жалпы коомчулуктун реформалар жасалсын деген талабынын негизинде чечимдер кабыл алынышы зарыл. Бирок реформаторду революция жолу менен чыгарабыз дегенден алыс болушубуз керек. Эки жолку революциянын жыйынтыгында экономикабыздын 15-20 жыл артка кетип калганын көрдүк. Азыр өлкөдө саясий туруктуулук бар, бирок экономикада жылыштар болбой жатат”, - деди Кожошев.

ШЕСТАКОВ: “Партияларда “акча мешоктору” негизги ролду ойной берсе, саясий базар улана берет”

Саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикиринде, реформатор-саясатчылар саясий күчтөрдүн артынан жана алардын колдоосу менен чыгат.

“Никол Пашинян менен Михаил Саакашвили асмандан түшкөн саясатчылар эмес. Саакашвили Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварнадзенин арты менен чоң саясатка келген. Ал саясий күрөштө оор күндөрдү башынан өткөргөн, өлкөдөн кууп жиберилип, жарандыгынан кол жууган. Пашинянды дагы өз алдынча саясатчы катары эсептебейм. Аны реформатор деп айтууга али эрте. Айткан сөзүнөн эмес, жасаган ишинен канчалык кыйын жетекчи экенин аныктоо керек. Ооба, ал премьерликке келип, чуулуу отставкаларды жасады, бирок муну бийлик үчүн күрөштүн алкагында жасалды деп эсептеш керек. Эгер Арменияда социалдык-экономикалык абал өзгөрсө, анда Пашинянды накта реформатор десек болот. Азырынча анын аракеттерин бийлик үчүн күрөш деп саноо туура.

Реформатор-саясатчылар саясий күчтөрдүн артынан жана колдоосу менен чыгат. Кыргыз өлкөсүндө 2010-жылдан кийин партиялар өлкөнүн экономикасын өнүктүрө ала турган мамлекеттик жетекчилер үчүн “саясий лифт” болуш керек эле. Бирок арабаны аттын алдына коюп койдук. Бизде партиялар бийликти түзүүчү институт эмес, парламенттеги мандаттарды сатып алчу уюмдар болуп калды.
Биз өзүбүздү “парламенттик мамлекет” деп эсептесек, партиянын ишмердүүлүгүнүн негизинде экономикалык жана укуктук маселелер боюнча адистер болуш керек. Алар мамлекетти башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу шарт. Ал эми азыр бизде партияларда “акча мешоктору” негизги ролду ойной берсе, саясий базар улана берет”, - деди Шестаков.

МАМЫТКАНОВ: “Азыркы күнгө чейин өлкөбүздө Саакашвилидей же Пашиняндай адамдарды жолуктура албадым”

УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамыткановдун айтымында, өлкөдө реформаларды ишке ашыруу үчүн байлардын каткан акчалары керек болот.

“Мен 2006-жылы кызматтан кеткенден кийин саясатка аралашып, көп атагы чыккан саясатчылар менен таанышып, алардын ой-максаттарын уктум. Азыркы күнгө чейин Саакашвилидей же Пашиняндай адамдарды жолуктура албадым. Маркум Мелис Эшимканов аягында бардыгынын калпына чыдабай Бакиевдердин сөзүнө көндү. Көп саясатчыларды билип, алардын иш-аракеттерин көргөндөн кийин бир суроо туулат: "Эмне үчүн 27 жылдан бери кандай гана адамдарды чоң даражаларга, шайлоо менен, революция менен, кандуу окуялардан кийин көтөрсөк дагы, эч нерсе өзгөрбөй жатат?" Демек, биз, баарыбыз өзүбүздү алдоого жол бериптирбиз. Муну түшүнүп, моюнубузга алышыбыз керек.

Михаил Саакашвилинин реформаларын жаштар колдогон. Бирок ошол жаштарга акчалай жардам катары грузин олигархтары тирөөч болуп беришти. Грузин олигархтар Бадри Патаркацишвили жана Каха Бендукидзе Орусиядагы бүт байлыгын сатып, миллиарддаган долларды Грузиянын экономикасына салышты. Анткени алар жаңы Грузияны түзгөнгө өздөрүнөн башка эч ким акча бербестигин билишкен. Ошол олигархтар өлөрүнүн алдында жок дегенде “байлыгыбыз Грузияга арналсын” деген. Алар атуулдук ою бар адамдар болчу. Ошентип грузиялык байлар банк системин акчага толтуруп мамлекетти жана элди каржылаганга шарт түзүп беришти. Грузиянын калкы 4,5 миллион киши, жер аянты 68 миң чарчы чакырым, Кыргыз жергесинен 3 эсе кичинекей мамлекет. Алардын алтын кендери, мөңгүсү жок, бирок банк системиндеги акча көлөмү 14 миллиард доллар. Кыргыз банк системиндеги акчанын көлөмү 1,8 миллиард доллар. Грузияныкынан 7 эсе аз. Анан кантип Кыргыз Республикасы өнүксүн? Маселенин баары биздин байлардын мээсинде. Байлыгын каякка катып, эмне кылып жүрүшөт?” - дейт Мамытканов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан