Мурдагы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев мамлекеттик "Учкун" акционердик коомунун директору болуп дайындалды. Кенекеев жаңы жетекчи катары ишкананын эмгек жамааты менен расмий тааныштырылганын 3-ноябрда социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер! Кудай буюрса, мамлекеттик "Учкун" акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз", - деген пикирин жазды.
Дайыр Кенекеев буга чейин 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын июнь айына чейин өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары, андан кийин 2017-жылдын октябрына чейин облус башчы болуп иштеген. Ал эми 2017-жылдын октябрынан тартып, 2018-жылдын апрель айына чейин вице-премьер-министр болуп эмгектенген.