Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы боюнча арыз шаардык сотто каралат

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаардык сотунда борбор калаанын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, арызды кароо саат 14:00дө башталат.

Окуянын чоо-жайы:

18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган.

5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.

14-июнда ага карата дагы бир кылмыш иши козголуп, ал "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде ачылган. УКМК Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган деп маалымат тараткан. Кубанычбек Кулматов ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekmirzach
2018-11-06 10:42:14
Мектеп салына турган акчаны кымырып алып эми уялбай бет тырмаарлык кылып жатат. Балдардын ырыскысына кол салган адамдан жакшылык күтүүгө болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан