Бишкекте итти уурдап кетип, өлтүрүп салган адам 3 жылга соттолду

Бишкекте Спайсик аттуу итти уурдап кетип, өлтүрүп салган адам 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Спайсиктин ээси Гуля Алмамбетова кабарлады.

"Свердлов райондук соту Спайсикти уурдап кетип, өлтүрүп салган адамды "уурулук" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Мындан сырткары жабырлануучу тарапка 35 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Чечим менен макулбуз. Анткени ал адам мындан кийин уурулук кылбайт. Биздин башкы максат ушул болчу. Ит уурдайбы, адам уурдайбы, баары кылган ишине жооп бериши керек.

Бул жеңишибизди мен милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын жаркын элесине арнайт элем. Бурулай тууралуу кабарды да мен аябай оор кабыл алгам, азыркыга чейин ичим ачышат. Ал окуя да "мен баарынан кутулуп кетем, баары менен жең ичинен сүйлөшүп алса болот" деген текеберчиликтен улам болгон. Элде милицияга болгон ишеним, айбыгуу болгондо Бурулай өлбөйт болчу", - деди Гуля Алмамбетова.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын тургуну Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына Спайсик аттуу итин уурдап кетип, өлтүрүп салган адамдын иши сотко өткөнүн кабарлаган. Спайсиктин өлүмүн 9 жаштагы уулу оор кабыл алып, психологдордун жардамына муктаж болгонун жана бул иштин аягына чыгуу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын кошумчалаган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
anonymous
2018-11-06 14:42:56
Дтпдан каза болгон жарандардан Спайсиктин кадыры өйдөрөөк экен да
+15
Nuri1988Elim2010
2018-11-06 14:46:17
Эх мына.Башка уурулук кылгандар,коррупционерлер,адам олтургондор жен ичинде калып кетип жататго.Бул кантип болду.Итти уурдаган адам акчасы жок окшойтда
+8
kyialreal
2018-11-06 14:50:39
Актош да жоголуп калдыле милиция барат окшойм. Кошунанын Кандеги жоголгонда аявай суйунгон, тоок жечу эледа
+11
perishka18
2018-11-06 14:56:54
А бул деген Кыргызстан. Чондор камакка алынса деле соотолбойт да.Чынюы?
+6
Samar90
2018-11-06 14:59:03
Менде мойнок деген итим тоок жэчу еле конушулар асып койюшту бирок уч торт жыл болду еми менда арыз жазам ха ха
+8
RusMos76
2018-11-06 15:23:00
Жапаров менен Текебаев итчелик жок экен да
+7
777bazamat
2018-11-06 15:45:53
Кошунамды сотко берсемби :-) ит уурдады деп.
+1
bond02
2018-11-06 15:57:10
Уят эмеспи ээу соттор, силер иттин эле ишин чечип калгыла мындан кийин.
+6
Benazir08
2018-11-06 17:10:42
Биздин алабай итибиз бир алысырак кудабыздын коюн тиштеп жеп анан ал жаны ачышканынан уйго кирип келип итти атып кетти эле чон энем сотко берди. Итими толо деп. Ал бсо коюму толо дейт. Коюму толо десен толомокпуз уруксатсыз кандай атышка акын бар деп соттошту
+1
Boha1
2018-11-06 21:30:24
Карапайым эле адамдар жапа чегип жүрө берет экенбиз да
+3
tursunbaev78
2018-11-06 21:40:21
тоок уурдаган тутулат,миллион уурдаган кутулат
+3
monster_high_98
2018-11-06 22:52:04
Мээнер жеткени ушул болуптур да! Причём тут Бурулай?Адам мн жаныбардын ортосунда деле тузук эле айырма барго?Тообо кылдым ээй,адам олтуруп качып жургондорго кыйратып жаза колдоно албай,ит уурдаганга минтип....Эээх Кыргызстан , Кыргызстан..
+3
nazarKGZ
2018-11-07 07:42:11
Ит толуп атбайбы е ит учун бир адамды 3жылгы ошончо Адам камалбай журушот канча акчаны жешип Ошо акчага милоондогон ит сатып алса болот
0
aitowa11
2018-11-07 14:16:21
Ит уурдагандарга мыйзам бар экен. Кайсы бир жылы эшек уурдаганга мыйзам жок дешип чыкканго )))
+2
Emkgupa
2018-11-07 17:42:19
Бурулайды айткан абзацты айтпай эле койбоптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан