Чыр-чатак менен коштолгон сулуулар сынагы: Долларлаган акчалар, уюштуруучулар менен катышуучулардын тиреши

5-ноябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2018" сынагы өтүп, анда таажы үчүн 27 кыз ат салышкан. Жыйынтыгында 22 жаштагы Айжан Жеңишова баш байгени жеңип, "Кыргызстан сулуусу-2018" деп табылган.

Бирок аталган сынак расмий түрдө өтпөгөнүн, анда бир катар эреже бузуулар болгонун SUPER.KG порталына катышуучулардын бири Саниа Абдукаарова айтып берди.

"Сынакка кастинг аркылуу өткөм. Сулуулар сынагына өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген кыздар катышкан. Ар бир турдун жыйынтыгы менен кыздар тандалып, кийинки баскычка өттүк. Жарым финалга жакын мага сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекованын жардамчы кыздары баш байгени сунуштай баштады. Алар мага "Сенде мүмкүнчүлүк бар, эгер кааласаң биз сага жардам беребиз" дешти. Мен ошондон кийин жолугушууларыбызды, сүйлөшүүлөрүбүздү диктофонго жаздырып баштадым. Анткени "сулуулар сынагында интрига көп, орундар сатылат" дегенди уккан элем. Уюштуруучулар тарабынан мага жеңүүчү болуу тууралуу сунуш түшкөнүнүн себеби бар. Анткени Рыскүл Намазбекова сынак өтө турган жайдын ижарасына акча керек болуп жатканын айтып менден карызга 500 доллар алган. Ошол акчаны кайтарып бергиси келбей мага орун сунуштап жатыптыр.

Мен бул тууралуу жакындан тааныш болгон кыздарга айтып, эгер мага карызымды бербей сынакта жеңүүчү кылса, ошол жерден мага ыйгарылган орундун акча менен бааланганын маалымдайм дегем. Бирок бул сөздөрүм Рыскүл Намазбековага жетип калыптыр. Бир күнү анын жардамчы кыздары сүйлөшө турган сөздөр бар экенин, карызымды бере турганын айтып чакырышкан. Мен ал күнү съёмкада жүрүп, түнкү саат 3тө бошогом. Түн экенине карабай кыздар жашаган үйгө барсам, алар мага "катышуучулар арасындагы айрым интригаларды уюштуруп жүрөсүң, орунду акчага сатып алып койгом деп кыздарга айтып жүрүптүрсүң" дешти. Мен андай кылбаганымды, бирок мага орунду сунуштаган сүйлөшүүлөрдүн сакталуу экенин айттым. Ошондо кыздар телефонумду сырт кийимимдин чөнтөгүнөн алып коюшуптур. Жөн узатышпай, мага кол көтөрүштү. Ошентип далилдеримди өчүрүп салышыптыр. Телефонумдун сыр сөзүн Сезим деген менеджер кыз билчү. Ошол эле алды. Ушундай чыр-чатактардан кийин сынакка катышпай калдым. Азыр далилдерди өчүрүп салсаңар дагы телефонумду бергиле десем, кайтарып бере элек", - дейт Абдукаарова.

Сулуулар сынагын бир нече жылдан бери уюштуруп келе жаткан Рыскүл Намазбекова жогоруда айтылгандарды четке какты.

"Саниа Абдукаарова менен сынакка чейин эле тааныш болгондуктан, экөөбүз алыш-бериш кылып жүрчүбүз. Сынакка келгенде мени "өкүл апа" коём деп аябай жакшы мамиле жасап жүрдү. Ырасында эле ижарага акча керек болуп Саниага кайрылып, 300 доллар сурагам. Ал макул болуп экөөбүз жолуксак, акчасын тутамдап алып чыгып "майдаланбай эле 500 доллар берейинчи, жок кылып салам, шашпай эле кайтарып берсеңиз болот" деди. Бирок жарым финалда акчасын кайтарып бергем. Аны видеого тартып алгам. Мен карызга алган акчаны кайтарып бергенден качып, Саниага орун сунуштаган эмесмин. Өзү менин менеджер кыздарыма баш байгени алгысы келип жатканын, карызга берген акчасын кайтарып бербей эле коюшумду, керек болсо дагы акча кошуп берерин айтыптыр. Кыздар орун сатылбай турганын айткандан кийин "баш байгени алгым келет, белекти өзүм алайын, чет өлкөгө деле өзүмдүн каражатым менен барып келем" деп мага жеке каттар менен кайрыла баштады. Мен ага "сенде мүмкүнчүлүк бар, аракет кыл, орун сатылбайт" десем, "анда биринчи вицеликти бериңизчи" деп баштады. Бирок мен макул болгон жокмун. Ошентип өзү катышуучулар арасында интригаларды уюштуруп, ушактарды чыгарып, жарым финалга катышпайм деп чыкты. Өзүң чечесиң десем, бир катышам, кайра катышпайм деп баш оору кылды. Мен өткөргөн сынакта эч кандай орун сатып алуу болгон жок. Калыстар тобу жеңүүчүнү өздөрү татыктуу деп табышты", - дейт Намазбекова.

Ал эми Саниа Абдукаарова телефонумду уурдап, ичиндеги далилдерди өчүрүп салды деп күнөөлөп жаткан Сезим Асранкулова окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.

"Саниа анча-мынча ырдап жүрөт. Ал бизге "сынакта жеңүүчү болсом жакшы пиар болмок, жеңүүчү болушум үчүн эмне кылышым керек?" деди. Биз аракет кыл, атаандаштарыңды жеңе аласың деп койгонбуз. Ал алгач баш байгени, андан кийин "биринчи вице-сулуу наамын алгым келип жатат, жардам бергиле" деп кайрылды. Биз колубуздан эч нерсе келбей турганын айттык. Ал эми телефонумду уурдап, далилдеримди өчүрүп салды дегени карандай калп. Анткени ошол күнү катышуучу кыздар менен жолугуп, сүйлөшүп отурганбыз. Саниа съёмкада жүргөнүн, кеч барарын айтты. Ал бизге түнкү саат 3тө келгенде мас абалында болчу. Жанында жолдошу дагы бар эле. Саниа кыздарга "уюштуруучу баш байгени башкага сатып жибериптир, мага да сунуштаган" деп мастык менен ар нерсени сүйлөп, ызы-чуу салды. Анан дагы ал катышуучу кыздардын бирин "сойку" деп атаган. Ошол күнү ал кыз дагы бар эле. Ал арданып Санианы муунтуп "эмнеге билбей туруп сыртымдан андай сөздөрдү айтасың?" деген. Саниага эч ким кол көтөргөн эмес. Ал эми телефонумда сүйлөшүүлөрдүн баары бар дегенинен көрсөт десек, телефону жанында жок экенин айтты. Кыздар ишенбей чалса, телефонунун үнү жолдошунун чөнтөгүнөн чыкты. Биз ал кишиден талаша алган жокпуз. Ошентип ызы-чуу салып жолдошу экөө үйдөн чыгып кеткен", - деди ал.

Намазбекова быйылкы "Дүйнө сулуусу-2018" сынагына катышууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Бирок ал сынак башталып калганына байланыштуу жеңүүчү бара алган эмес. Анткени виза маселеси жана саналуу күндүн ичинде жетиштүү даярдана алмак эмес. Ал эми "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова дагы "Кыргызстан сулуусу-2018" сулуулар сынагын уюштуруп жатат. Мындан улам коомдо "Сынакты каалаган адам өткөрө береби? Бир жылда эки сулуу болсо анын кимиси "Дүйнө сулуусуна" барат?" деген суроо жаралган. Намазбекова Бегимай Карыбекова уюштурган сынакта таажы тагынган бийкеч 2019-жылы өтө турган "Дүйнө сулуусуна" катышарын билдирди.

Намазбекова өткөргөн сулуулар сынагы дайыма чыр-чатак менен коштолуп келет. Ал буга чейин "Бишкек сулуусу-2018", "Кыргызстан периси-2018" сынактарын уюштуруп, анда дагы орундар сатылгандыгы тууралуу сөз болгон. "Кыргызстан перисинде" баш байгени алган Барчынай Мадышова жеңишти сатып алгандыгын билдирди.

"Мен алгач "Бишкек сулуусу-2018" сынагына катышкам. Ал жактан орунга ээ болгон эмесмин. 2 айдан кийин "Кыргызстан периси-2018" башталды. Ошондо баш байгени алгым келип менеджерге бир нече ирет айттым. Рыскүл Намазбекова макул болуп, алгач 300 доллар акча алды. Кийин 900 долларды Намазбекованын колуна бергем. Финалда көп эле ката кетирип, аз упай топтоп калдым. Ошондо жеңүүчү боло албайм го деп ойлогом. Бирок мени жеңүүчү болду деп жарыялаганда таң калдым. Жеңүүчүгө Түркияга эс алып келүүгө жолдомо убадаланган. Бирок ал жолдомону Намазбекова өзү алып, күйөөсү менен барып эс алып келген", - дейт.

Уюштуруучу Намазбекова ал кызды жеңүүчү кылам деп бир тыйын акча албаганын билдирди.

"Эгер ал кыздын мага акча берип жаткандыгы тууралуу далили болсо, мага сунуштаганы, мен ушунча сумма бер деп жазган каттарым болсо ачыкка чыгарсын. Далилдеп берсин. Бул жерде сынакты демилгелеген менеджер Наргиза Кубанычбекованын күнөөсү бар. Барчынай айтып жаткан акчаны сынактын менеджерине бергендир. Анткени финал күнү Наргиза мага келип "Барчынай татыктуу" дей берди. Мен "Адилеттүү болот деп ойлоп жатасыңбы?" десем, "Бул жерде кыздардын сулуулугу эмес, таланты бааланат. Барчынай бардык жагынан таланттуу экен" деди. Сынакты демилгелеген сен, өзүң жыйынтыкта десем, калыстар тобу менен сүйлөшүп, жеңүүчү кылып тынды. Балким, Барчынай акчасын Наргизага бергендир. Мен аны татыксыз деп эсептегеним үчүн эс алып келүү үчүн жолдомону тапшырган жокмун. Анткени уюштуруучу катары менин укугум бар", - дейт.

Ал эми Наргиза Кубанычбекова "Кыргызстан перисиндеги" чыр-чатакты мындайча түшүндүрдү.

"Бул жерде Барчынай Мадышова менен Рыскүл Намазбекова мени пайдаланды. Анткени Барчынай жеңүүчү болгусу келип, уюштуруучуга айтып, сүйлөшүп берүүмдү өтүндү. Алгач баш тарттым, бирок кайра-кайра айта бергенинен Рыскүл Намазбековага айтсам, болбойт деди. Ошол жооп менен тынчып калганбыз. Бир күнү Рыскүл эже мага Барчынай 300 доллар бере турганын айтты. Экөө качан, эмне деп сүйлөшүп алганын билбейм. Ал эми калган 900 доллар акчасын бергенин же бербегенин көргөн эмесмин", - деди ал.


кошулду
Чыр-чатак менен коштолгон сулуулар сынагы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Abdizhapar
2018-11-08 16:52:45
Кыргызстан сулуусу эмес эле кыргызстан аферисттери дешинер керек экен
+23
Respect.
2018-11-08 17:01:17
Биринчи сүрөттөгү ким, ишине тизелеп барып келет окшойт...
+19
asad9
2018-11-08 17:03:21
Фигура көрсөтүп сулуу болбой эле койгулачы айланайындар. Андан көрө урматтуу Ата Энелер кыздарыңарга тарбия бере албагандан кийин силерге 3рубль аябай эле койсо болмок убагында
+6
Ka2sr1
2018-11-08 17:07:11
Баардык кыздар сулуулука татыктуу. Акча деген ушундай. Баары эле сулуулар экен.
-11
Respect.
2018-11-08 17:14:29
Ka2sr1, Акча деген ушундай, "айфон" деген ушундай деп эле чечинип алыш керекпи?
Динди жактырбайткенсиңер тарыхта болгонбу ушинтип акчаны намыстан бийик койгон!
Тарыхтан покту дагы билбейсиңер дагы Ислам динге асыласыңар!
+8
Mirlan27011987
2018-11-08 17:21:54
Кыргызда ушун жакшынакай кыздар коп болсун. Сулуулук дуйнону сактайт. Кыздар сулуу болгула, корктуу болгула. Ислам динчилдердин созун укпагыла. Оз оюнарды максатынарды ишке ашыргыла. Динге эч коз каранды болбогула. Азыр баары жасалма ыймандуу болуп алышкан.
-2
Steven
2018-11-08 18:04:33
Mirlan27011987, Акча берип арам жол менен максатына жетпей эле коюшсунчу.
+4
nuri1
2018-11-08 18:21:37
Эн биринчи суроттогу кыз жакшынакай экен.
-5
Pandora
2018-11-08 18:32:57
Барчынай Мадышова кашынын ортосун бириктирип койсо сонун жарашмак.)))
-4
aszyma
2018-11-08 19:01:34
Доллардан кеп болуптурго. Доллардоллар экенда булардыкы. Чакчандап баары кыйынсынат.
+6
Jin1209
2018-11-08 19:44:01
Болбогон акча учун ХХХХХХХ эле калышыптыр го
+4
Bars111
2018-11-08 22:59:01
Сания,өзүң жыртык шым кийип жүрөсүң анан кайдагы 500$.
+2
bibi87
2018-11-08 23:52:25
Ушул Намазбекова дегендин бир да конкурсу тынч отпойт, акчага сатылган орундарды билишсе деле эмнеге катыша беришет?
+6
admin_superstan
2018-11-09 09:38:37
Эскертүү! Жеке айтышууларды купуядан уланткыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
-3
KAYRATBEK
2018-11-09 11:21:04
Мухаммед пайгамбарыбыз 14кылым мурда мындай деген.

Ушундай бир убакыт келет. Мусульман эместер эмне кылса Мусульмандар ошолорду ээрчип калат.

Жадакалса бир мусульман эмес кескелдириктин ийинине башын салып корсо, мусульман дагы башын салып корот эгерде башы батпаса дагы деген.

Пайгамбарыбыздын айткан создору (хадистери) дал ушул мезгилди айткан экен. Кыргыздын кыздарына жыртык кийим олуп кетсе жарашпайт бирок кийе берет.

Себеби башы батпаса даг
+1
nuru95kg
2018-11-10 02:06:43
Сулуулугунарга ХХХХ
0
Asyl10
2018-11-12 12:26:44
Инстаграммда бир квартирадагы бул сулуулардын разборкалары тартылган видео журду эле го. Тим эле баары паравоздой тамеки тартып ажылдашып атканы. Сулуу болбой жерге киргирлер. Кыргыздын кыздарын уят кылып.Уят эле сырты жалтырак ичи калтырак болушуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан