Тигүү өндүрүшүндө ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керек? Дизайнерлер кеңеш беришет

Бишкекте бүгүн, 16-ноябрда текстилдик-тигүү өнөр жай жумалыгынын алкагында республикалык деңгээлде форум болуп өттү. Анда тигүүчү кесибинин маанилүүлүгүн жогорулатуу жана шарттарды жакшыртуу маселелери талкууланды.

Кыргыз жеринде тигүүчүлөргө суроо-талап жогору. Тигүүчү болуп иштегендеп көп, бирок дизайнер болууга баары эле батына бербесе керек. Кимдир бирөөгө убакыт, эргүү, аракет жетишпей жаткандыр. Кыргыз жеринде кийимди өз көз карашындай тигип, элге сунуштаган мода жаратуучулар дизайнер болууну каалагандарга кеңеш беришет.

Дизайнер-модельер Бурул Мамбетова жүн иштетүүнү жандандырып, өзгөчө кийим, буюмдары менен элдин кызыгуусун арттыра алган. Учурда өнөрүн жаштарга үйрөтүү менен алектенет. Ал тигүүчүлүк кесиптин маанилүүлүгү жогорулаганын белгилеп, дизайнер болуу үчүн билим алуу зарылдыгын айтты.

"Тигүүчү кесиби менен нан таап жеп жаткандар абдан көп. Тигүүчүлүктү көбү өздөштүрүп алышты, ошентсе да дизайнердин окуусу керек. Ал жактан кантип бычуу, эскиз түзүү керектиги окутулат. Дизайнер болгусу келген адамдын жөндөмү болушу керек. Өңдөрдү айырмалап, сүрөт тартканды жакшы билиши керек. Болбой эле контракт төлөп окуй берем деген да туура эмес. "Мен тигүү цехинде иштеп жатам" деп отура бербей, колунан чыккан буюмга ээ болууга аракет кылган жакшы. Кыргыз жериндеги тигүү өндүрүшүндө жакшы нерселер болуп жатат. Кыз-келиндер өзүнүн атын чыгарып, студияларды ишке киргизүүдө. Бирок чет элге чыга албай жаткандар дагы көп. Атаандаштыктын деңгээли жакшы, атаандаштык болгон жерде сапат жакшырат эмеспи", - деди дизайнер.

Дизайнерлердин белгилешинче, Кыргыз жериндеги текстилдик өнөр жайдагы көйгөйлөрдүн бири - сапаттуу кездемелердин өлкөбүздө чыгарылбаганы. Бурул Мамбетова кездемелер Түркиядан, Кытайдан алып келинерин кошумчалады.

Жыпариза Топчубек кызы 17 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенип келгенин айтат. Алгач чыптама, чапандарды тигип баштаганын айткан дизайнер азыр кыргыздын улуттук кийимдерин заманбап стилде жаратып келгени менен белгилүү. Ал таланттуу, бирок таанышы жок тигүүчүлөргө кеңешин, ийгилик сырын айтты.

"Таланттуу тигүүчүлөр өзүнүн дизайнын сөзсүз түрдө чыгарышы керек. Мисалы, менде эч кандай таанышым болгон эмес. Өзүң чыгарган кийим жакшы болсо, тааныш өзү келет. Тиккен кийимиңди көтөрүп, дүкөндөргө алып барып, жарманкелерге катышуу керек. Көп эмгекти талап кылат. Бирөөгө көрсөтүп, ал экинчи адамга көрсөтүп акырындык менен эмгегиң актала баштайт. Ушунча убакытта ийгиликке жетем деп айтканга болбойт. Бир нерсе болбой калса, аны таштап койгон да туура эмес. Мен ийгиликке жетем деп баштаган эмесмин. Жасаган нерселеримди элге тартуулагым келди. Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз сабырдуулук, тырышчаактык керек. Ар бир адамдын көңүлүн таап, ар бир адамга жагуу өтө кыйын нерсе", - дейт Жыпариза Топчубек кызы.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы тигүү өндүрүшүндө эмгектенгендердин саны 45 миң адамды түзгөн. Ишканалар көбүнчө көмүскө экономикада иш алып барышканын эске алганда бул жаатта иштегендердин саны 300 миңге чейин жетери айтылат. Акыркы изилдөөлөрдө тигүү өндүрүшүндө иштегендердин 90 пайызы кыз-келиндер экени белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан