Ата салты: Эркектерге күч-кубат берүүчү көбүрчөк тууралуу уккансызбы?

Тектеш кабарлар: Ата салты (22 материал)

Эзелтен кыргызда Элүүбай, Алтымыш, Жетимиш, Сексенбай, Токсонбай, сейрек кездешсе да Жүзбай аттуу ысымдар кездешкен. Мындай ысымдар көбүнчө эркек киши канча жашка чыгып уулдуу болсо, ошол жаштын атынан коюлган.

Демек, байыртан кыргыздын мырзалары алтымыштын кырын ашкыча күч-кубаттан тайбай, күүлүү-күчтүү болуп турган. Кыргыздын салтын, көчмөн турмушун, тарыхын изилдеген көпчүлүк адистердин, этнографтардын айтымында, кыргыз мырзалары жаш курагына карабай өздөрүн "алдуу" сезүүсүнө жана саламаттыгынын чың болушуна көбүрчөк суусундугунун пайдасы болгон.

Көбүрчөк – койдун сүтүнөн жасалган кымыздын бир түрү. Ал койдун жаӊыдан саалган сүтүнөн жасалат. Уюткусуна дарылык касиети бар чөп түрлөрү кошулуп, мөөндө ачытылат. Сүттүн көлөмүнө жараша уютку кошулат. Аталган суусундук адамдын, өзгөчө эркек кишинин ден соолугуна пайдалуу деп айтылып келет.

Жазуучу, салт тануучу Кадыркул Алсеитовдун айтымында, көбүрчөк суусундугу талаада жана үйдө жасалган.

"Алмустактан бери кыргызда көбүрчөк - эр суусундугу деп аталып келген. Бул суусундук үй шартында жана талаада даярдалган.

Үй шартында даярдалганда кечинде талаадан короого айдалып келген саан койлор тизилип, орсок, ийитилбей саала баштайт. Андан соң капкактуу арча челектерге жылымык сүттөр куюлуп, уютку салынып, үстү жылуу жабылат. Таӊ аткандан кийин ачылып, арча челектеги суусундук бишкек менен ийине жеткенче бышылат. Андан соң гана бир аз кыймылга келсе эле көбүрүп-жабыра берген суусундукту ичүүгө болот.

Талаадагы көбүрчөктү даярдоо ыкмасы бир аз башкачараак. Эгерде адам талаада кой кайтарып же жол жүрүп келе жаткан болсо, чаначта калган айрандын калдыгынын үстүнө койлорду саап, эгерде жакын жерде дары чөптөр болсо алардан кошуп, күн тийген жерге коюп коюусу керек. Андан соң аны кол менен көп убакка чайкап, болбосо, шар аккан сууга капкагын бекитип улам кыймылдап тургандай абалда бир нерсеге байлап коюу керек. Чайкалып жатып кымыздай болгон суюктукка айланып калганда гана көбүрчөктү ичсе болот. Ал күч-кубат гана бербестен, адамдын кардын ток кармайт", - деди Алсеитов.

Эгерде эркек киши 3 жыл катары менен жай айларында көбүрчөктү үзгүлтүксүз ичсе кубат гана албастан, бөйрөк, өпкө, боор ооруларынан да айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Ошондой эле Алсеитовдун билдиргенине ылайык, аталган суусундукту азыркы тапта спортчулар колдонуп жаткан биологиялык активдүү каражаттардын ордуна колдонсо болот. Суусундук экологиялык жактан таза болгондуктан, эч кандай зыян алып келбейт жана допинг катары эсептелбейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Krai
2018-11-08 18:26:28
Билгендер болсо жасап элге жайылтса кана канчалаган эркектерибизге жакшы болмок
+21
nuri1
2018-11-08 18:32:25
Жакшы маалымат экен.
+15
bond02
2018-11-08 19:32:38
Азыр кой саамак турсун кой кармай албаган эркектер коп да.
+9
NURSAPAR
2018-11-08 20:20:08
bond02,койду аялдар сааса керек дейм....
+12
Kgda
2018-11-09 03:03:06
Мунун жакшы экен, бирок койду сааганды биринчи жолу угушум, мейли жазап саткыла бирок ошону да суу кошуп качествосун олтуросунорда, баса биз саамалды эптеп ичеалбай жатабызго кымызын да кайда кообурчокту айтасынар ойдодогу сурот намек берип тургандайго эркектерге))) хехе
+4
bond02
2018-11-09 09:35:56
NURSAPAR,талаада кой кайтарып жургондо дейт.
0
Pamirlan
2018-11-08 23:03:40
Жайлоодо жасаш керек экен
+1
Aitik
2018-11-09 05:06:57
Жакшы..
Жасаса болот..ар бир адам.
+1
souza.j
2018-11-09 10:33:28
Аялдарга жакшы болуп калат окшойт натыйжасы мм.
+2
zaman2
2018-11-09 11:38:11
souza.j,кандай пайда??)) Тагыраак айтсан))
-1
KAYRATBEK
2018-11-09 11:00:36
Автор Айзада Тураркулова:

Суротту издеп табып, бир элестетип, кыялданып жазыпсынго макаланы.
+5
tatum67
2018-11-09 12:36:56
KAYRATBEK, кандай жазса дагы эң башкысы пайдалуу маалымат жазды да, а то окумуштуулардын айтымында канча бир убакыт өткөндөн соң азыркы эркектер тукум калтырганга жарбай калат экен))
0
Baatirbek81
2018-11-09 16:47:53
Эң негизгиси жакшы туруп жакшы иштейт экен урушпагыла.
+7
raykray
2018-11-10 11:52:20
Биринчи сурот зынкыятко))
+2
Nursul
2020-09-18 11:43:42
Мен кылам эми буйруса. Жакшы нерсе экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан